Бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы жети коло жеңди

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддагы Азия чепионатында жети коло медаль жеңди.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бангкок шаарында 19-январда башталган чемпионатка 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Коло байгенин ээлери:

Ислам Торобаев (54 кг),
Аскат Култаев (63,5 кг),
Ихтияр Нишонов (67 кг),
Нурадин Рустамбек уулу (71 кг),
Нурсултаев Болотбаев (86 кг),
Бакыт Токтосун уулу (92 кг),
Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).