Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган эки мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган Лейлектеги эки мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен такташкандай, Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептерде учурда кадимки тартипте окуу жүрүп жатат.

Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 миллион 300 миң сомдой, Хамза атындагы билим берүү мекемесин оңдоого 1 миллион 570 миң сомдон ашык жумшалды.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрь аралыгындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткенде төрт мектеп талкаланган.