Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде күбөлүк сатып алууну сунуштаган шылуундар пайда болду.

Мекеме айдоочулук күбөлүктү “Унаа” ишканасы гана бере турганын эскертет.

Белгилеп кетсек, документ алуу үчүн автомектепте окуп, сынак тапшыруу керек.