Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда.

Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыздалат.

Белгиленгендей, кыргыз бийлиги Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүүгө аракет кылып жатат.