Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан 28 документке кол коюлары күтүлүүдө.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев коңшу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушусунда талкууланды. Маалыматка ылайык, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтөт.
Өзбек президентинин мамлекеттик сапары 26-27-январга пландалып жатат.
Кошумчаласак, Мирзиёев былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган.