Кыргыз футбол бирикмеси италиялык кесиптештери менен кызматташат

Рим шаарында Кыргыз футбол бирикмеси менен Италиянын футбол федерациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, документке 24-январда Рим шаарында кол коюлду.

Учурда бирикменин өкүлдөрү аталган шаарда иш сапар менен жүрүшөт, алар Италиянын футбол федерациясынын эл аралык кеңсесинин жетекчиси Данило Филаккионе менен жолугушат. Анын жүрүшүндө Италиянын футбол федерациясынын иши жана уюштуруу түзүмү менен таанышуу, кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы FIGC Centro Tecnico Federale di Coverciano машыгуу базасында болуп, Италия менен Испаниянын U-17 жаштар курама командаларынын жолдоштук беттешине күбө болушат.