Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт.

Ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Учурда милициянын посттору менен каттамдары аныкталды.

Ошондой эле, укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чаралар жүрүүдө.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары, 26-27-январь күндөрү “Манас” аэропортунан Бишкекке чейинки жол, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов проспектилери жана Фучик, Садырбаев көчөлөрү убактылуу жабылып турат.