Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн. Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.