Кыргызстандыктар эми товардын сапатын жана анын мыйзамдуулугун текшере алат

Кыргызстандыктар эми товардын сапатын жана анын мыйзамдуулугун текшере алат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул учурда “Текшер” уюлдук тиркемеси жардамга келет.

 

Текшерүү үчүн аны смартфонго жүктөп, маркировкалоо кодун сканерден өткөрүү керек. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, жаран ошол эле тиркеме аркылуу арыз жөнөтө алат. Андан кийин текшерүүнү салык органдары жүргүзүп баштайт.