Кыргызстанда эчки тыбытын иштеткен завод ачылды

Америкалык ишкер Сай Белохлавек өнөктөштөрү менен бирге “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” аянтында эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү «Кыргыз Кашемир» деп аталган цех ачты.

Бул тууралуу «Азаттык» Кыргызстандын Министрлер кабинети жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине таянып жазды.

Чакан заводдун ачылышына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана башкалар катышты.

Маалыматта айтылгандай, ишкер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алды.

Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатат.

Белохлавектердин үй-бүлөсү Кыргызстанда тыбыт менен иштеп жатканына көп жыл болду.

Алар беш-он жыл мурда эчкинин жүнүн жалаң Чоң-Алай, Алай райондорунан гана чогултуп турчу жана негизинен Ошто иш алып барчу.

Ишкана кеңейген соң чет элдик бизнесмен ишканасына Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын бардык аймагынан жүн чогултат.

«Кыргыз Кашемир» заводу тыбытты булага, жипке айлантып, же даяр буюмдарды тигип, чет жакка экспорттоп турат.

Алардын товары негизинен АКШга жана Европа өлкөлөрүнө кетет.