Кыргызстанда 2022-жылы көзөмөл-кассалык аппараттарын колдонгон ишкерлердин саны үч эсе көбөйдү. Учурда алардын саны 65 миң 422 субъектти түзөт, — деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.
Мекеме маалыматына ылайык, буга салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чаралары жана ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди акысыз таратуу себеп болду.
Салык кызматы 1-мартта фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктай турганын эскертип, ишкерлери аны жаңылап алууга чакырат.