Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынын айрым мектептери онлайн-окутууга өттү

Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынын айрым мектептери онлайн-окутууга өттү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, чечим катуу суукка байланыштуу Мамлекеттик санэпидем көзөмөл  инспекциясынын сунушуна ылайык кабыл алынды.

 

Андан тышкары, ар кандай аймактарда жалпысынан 47 бала бакча жабылды. Бул объектилерде салттуу билим берүү качан жанданат, азырынча белгисиз.