Кыргызстанда бизнести милиция жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарыбанан текшерүүгө тыюу салынган

Кыргызстанда бизнести милиция жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарыбанан текшерүүгө тыюу салынган. Экономика министрлигинен эске салышкандай, мораторий жыл аягына чейин күчүндө болот. Бирок бизнести текшерүүгө мүмкүн боло турган артыкчылыктар бар.

 

Алсак – кылмыш жана жарандык иштер, мамлекеттик органдардын сурамы менен жана бааларды жөнгө салуу боюнча суроолор жаралган учурда.

 

Ведомстводон белгилешкендей, мындай тыюу бизнес өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүп, аларды укуктук жактан коргоо үчүн киргизилген. Орунсуз текшерүүлөр болсо, ишкерлер Экономика министрлигине даттануулар менен кайрылса болот.