Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду

Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаар тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынан белгилешкендей,  авариянын себептери дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

 

Эске салсак, Майлуу-Сууда 12-январда катуу суукта суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга өзгөчө кырдаал жарыяланган.