20-июлда жогорку окуу жайга тапшыруунун биринчи туру башталат

Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Абитуриенттерди окуу жайга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлдан 22-июлга чейин уланат. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу «Абитуриент Online» (www.2020.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.   Бул система… Кененирээк…

Окумуштуулар өмүрдү узартып, карылыкты жайлатуунун сырын атады

Британиялык жана германиялык илимпоздордун изилдөөсү боюнча, канда темирдин деңгээлин нормада кармоо карылыкты жайлатууга жана узак жашоогө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу РИА Новости Communications журналына таянып жазды. Окумуштуулар биологиялык карылыкка байланыштуу үч факторду изилдешкен. Алар өмүрдүн жалпы узактыгын жана оору-сыркоосуз өткөн убагын аныкташкан. Биологиялык карылык — организмде өзгөрүүлөр… Кененирээк…

Ош облусунда 168 күндүзгү стационар иштеп жатат

Ош облусунда 168 күндүзгү стационар иштеп жатат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, аларда жалпысынан 5 миң 650 орун бар. Кайрылгандарга 394 медицина кызматкери жардам берет.   Бул стационарларда 67 кычкылтек концентратору бар.

Кыргызстанда жашоо минимуму 4 миң 900 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 4 миң 900 сомду түздү. Социалдык фондддун төрагасынын орун басары Уланбек Асановдун айтымында, пенсионерлердин  58 пайызы жашоо минимумунан жогору өлчөмдө акча алат.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Боршайком парламенттик шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү

Боршайком парламенттик шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү. Эми республикалык бюджеттен пландалган 732 миллион сомдун ордуна 446 миллион  сом жумшалат.   Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды. Шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларында иштегендердин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо  үчүн дагы 60 миллион сом талап… Кененирээк…