Бишкекте төрт медициналык стационардык борбор ачылууда

Бишкек шаарында төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылат.   Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ачыла турган борборлор сасык тумоо, пневмония, респиратордук вирустук инфекция жугузуп алган адамдарды кабыл алат.   Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, стационардык борбор үчүн Ленин районунда “Газпром” спорттук… Кененирээк…

Дарыны компаниялар эмес, ташып келгендер кымбаттатып жатат

Бишкек мэриясы фармацевттик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, препараттардын кымбатташы боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, мэрияга калаа тургундары дарылардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы боюнча көп кайрылышкан. Мындан улам санитардык нормаларды сактоо менен чогулуш өткөрүүнү туура көрүшкөн. Ага аппарат жетекчиси Балбак… Кененирээк…

Кыргыз режиссёрунун «Көл» тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин «Көл» аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.   Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери… Кененирээк…

БШК 21 миллион сомго тендер жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 21 миллион сомдон ашык акчага тендер өткөрөт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталына чыкты. Ага ылайык, БШК 21 миллион 121 миң 200 сомго шайлоого тиешелүү баннер, жабдуу, кеңсе товарларын аймактык шайлоо комиссияларына жана участокторго жеткирүүнү көздөп жатат.     3-июлда… Кененирээк…

Казакстан эки ири шаарын карантинге жабат

Чыгыш-Казакстан облусундагы Өскемен (Усть-Каменогорск) жана Семей шаарлары 5-июлдан тартып карантинге жабылат. Бул тууралуу аймактын акими Даниал Ахметов билдирди. Анын айтымында, бийлик аталган шаарларда коронавирус илдетинин жайылышын басаңдатууга аракет кылып жатат. Ушу тушта облуста COVID-19 илдети жуккан 710 адам аныкталган, алардын басымдуу бөлүгү өткөн айдын аягында… Кененирээк…

Бишкектеги «Discovery» мейманканасында убактылуу оорукана ачылат

Бишкектеги «Discovery» мейманканасынын негизинде убактылуу оорукана ачылып, коронавируска чалдыккан жеңил жана орто абалдагы бейтаптарды кабыл ала баштайт.   Бул тууралуу мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, аталган мейманкананын кожоюндары имаратты оорукана үчүн акысыз берүүгө макул болгон.   Ал эми… Кененирээк…

Ошто мечиттер жабылып, базарлар жумасына эки ирет дезинфекцияланат

Ошто мечиттер жабылып, базарлар жумасына эки ирет дезинфекцияланат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, түштүк калаанын бардык базарлары дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт.   Бул күндөрү соодай аймактарында санитардык тазалоо жүргүзүлөт. 31-июлга чейин Ош шаарындагы мечиттерде жума намазы окулбайт.   Ошондой эле, эс алуу жайларындагы жана соода борборлорундагы… Кененирээк…

Өзбекстан Кыргызстанга 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жана   50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү

Өзбекстан Кыргызстанга 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жана   50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзбекстандагы элчи Ибрагим Жунусов билдирди.   Анын айтымында, гумжардам менен учак Ташкенттен Бишкекке жөнөтүлдү. Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылгандар көбөйүп, ооруканаларда орундар жана жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишпей… Кененирээк…

Быйыл парламенттик шайлоонун үгүт маалында көп сандаган элди чогулткан иш-чараларды өткөрүүгө болбойт

Быйыл парламенттик шайлоонун үгүт маалында көп сандаган элди чогулткан иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей,   Конституциялык мыйзамга ылайык, стадиондордо өтүүчү концерттерге жана спорттук иш-чараларга тыюу салынган. Августта талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо болуп, сентябрда үгүт иштери жүрөт. Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, парламенттик… Кененирээк…

БШК шайлоочулардын санын жарыялады

Азыркы күнгө карата Кыргызстанда 3 миллион 407 миң 895 миң шайлоочу бар.   Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул сан 2015-жылдагы шайлоого караганда 624 миң адамга көбөйдү. БШК шайлоочулар 16-июлдан тарта www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталынын жана 26-сентябрдан тарта тиешелүү шайлоо участокторунан өз тизмесин… Кененирээк…