“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында 7,5 миңден ашык насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, кредиттердин жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашты. Бийлик бул каражат мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, каржылоону айыл чарбасында кайра иштетүү жана кызмат… Кененирээк…

“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай калды

“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Мунун себеби жүргүнчүлөрдүн суроо-сунуштарына байланыштуу, — деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, аба майдандын аэродромунун элементтерин оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды. Регулярдык каттамдар мурдагыдай эле, жумасына алты жолу график боюнча аткарылат.

Beyonce алты жылдан кийин жаңы альбомун чыгарды

Америкалык ырчы Beyonce жаңы альбомун чыгарды. Бул анын алты жылдан кийинки биринчи эмгеги. Ырчынын айтымында, альбом мурда Интернетке чыгып кеткен, бирок ишенимдүү күйөрмандары расмий чыгарылышын күтүшкөн. Жетинчи студиялык альбом “Кайра жаралуу” деп аталат. Анын негизги урааны «Ачыл жана бийле» деген сөз болду. Маалым болгондой, альбомду… Кененирээк…

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп ачылат

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп ачылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Сары-Камыш айылында жайгашат. Имарат 225 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 86 пайызга аткарылды. Долбоордун сметалык баасы 885 миң долларды түзөт.

Быйыл мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат

Быйыл мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат. Маалыматты Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен тастыкташты. Азыр ведомство министрлер кабинетинин расмий чечимин күтүп жатат. Эске салсак, былтыр мектеп окуучулары жана студенттер 15-сентябрдан тарта окуй башташкан. Кийин бул бир топ көйгөйлөрдү алып келгени айтылды. Айрыкча, июнь айынын ысыгынан окуучулар чарчап,… Кененирээк…

Министрлер кабинети электр энергиясына «чексиз» тарифин бекитти

Министрлер кабинети керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына колдонуудагы тарифтерди сактап калды. Ошол эле учурда электр энергиясына бир киловатт үчүн 5 сом 4 тыйындан жаңы тариф киргизилүүдө. Ал электр энергиясын чектөөсүз колдонууну каалагандар үчүн болот. Чексиз тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулат. Бирок… Кененирээк…

Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Алдын ала маалыматтар боюнча Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 24 агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Белгилүү болгондой, кырсык болгон жерге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери барган. Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу… Кененирээк…

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдиргендей, айыл чарба тармагындагы майда чарбаларды ирилештирүү каралып жатат. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик 24 ишкана чыгаша менен күн көрүүдө. Чиновник кошумчалагандай, киреше бербеген ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантында же убактылуу башкарууга берүү… Кененирээк…

Чүй облусунун Орок айыл аймагына жаңы стадион курулат

Чүй облусунун Орок айыл аймагына жаңы стадион курулат. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, бул үчүн дээрлик 21 гектар жер тилкеси даярдалууда. Буга чейин спорттук жай заманбап көп функциялуу аянтча болору маалымдалган. Стадионго 22 миңден ашык көрүүчү батат деп күтүлүүдө.

Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта 4,5 миңдей турак жай курулду

Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта 4,5 миңдей турак жай курулду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ошондой эле өлкөдө үч мектеп, үч бала бакча жана тогуз саламаттык сактоо мекемеси түптөлдү. Турак жай жана социалдык объектилердин көбү Ош облусунда пайда болду. Экинчи орунда — Жалал-Абад, үчүнчүдө — Чүй… Кененирээк…