Жалал-Абадда мектептер жана бала бакчаларды 11-январдан тарта ачуу пландалууда

Жалал-Абадда мектептер жана бала бакчаларды 11-январдан тарта ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине шаардык санэпидем көзөмөл инспекциясынын башкы дарыгери Рома Урайымов билдирди.   Анын айтымында, аймакта ковидге чалдыгуу көрсөткүчү төмөндөдү. Андыктан, жергиликтүү штаб абалга көз салып, билим берүү объектилерин ачууга уруксат берди.

Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси өлкөнүн бардык шайлоо тилкелеринде жана “Тизме” порталында жарыяланды

Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси өлкөнүн бардык шайлоо тилкелеринде жана “Тизме” порталында жарыяланды.   БШКдан такташкандай, жалпысынан тизмеге 3 миллиондон ашык жаран кирди. Шайлоочулардын эң көбү Ош облусуна туура келет, андан кийин Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек турат. Ал эми эң аз добуш берүүчүлөр Ош шаарында… Кененирээк…

Өкмөт Бишкектин экологиясын жакшыртуу жолдорун ойлоп тапты

Өкмөт Бишкектин экологиясын жакшыртуу жолдорун ойлоп тапты. Буга байланыштуу иш-чаралар комплексин камтыган планды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков бекитти.   Документ 40 пункттан турат. Алсак, министрлер кабинети шамалдын багыты туура өткүдөй кылып, үйлөрдү куруп, бак-дарактарды тигип, веложолчолорду салып, таштанды полигонун кайра иштетип, газ менен жылытуу… Кененирээк…

Японияда аукциондо алчанын жарым килограммы 10 миң долларга, же 800 миң сомго сатылды

Японияда аукциондо алчанын жарым килограммы 10 миң долларга, же 800 миң сомго сатылды. Мөмөнүн мындай кымбат баасы өзгөчө технология менен өстүрүлгөнүнө байланыштуу.   Алча бактары атайын жайларда өстүрүлүп, жайдан күзгө чейин муздаткычка салынса, андан кийин күнөсканага жеткирилет. Башкысы – бактар үчүн бирдей аба табы сакталып… Кененирээк…

Ызгаардуу сууктан кийин Бишкек жана Чүйгө бир аз жылуу аба-ырайы келет

Ызгаардуу сууктан кийин Бишкек жана Чүйгө бир аз жылуу аба-ырайы келет. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 10-январга чейин ордо калаа аймагында суук болот.   Буга Сибирь жана Түндүк Казакстандан келген циклон себепкер. Ал эми жекшембиден тарта аба табы көтөрүлүп отуруп, эмки жумада термометр мамычалары + белгисин көрсөтүп… Кененирээк…

Шайлоо суроолору боюнча чалуу борбору ошондой эле өкмөттө дагы түзүлөт

Шайлоо суроолору боюнча чалуу борбору ошондой эле өкмөттө дагы түзүлөт. Ал 9-10-январда иштейт. Бул аралыкта кыргызстандыктар түз байланыш номурларына чалып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.   Ошондой эле, шайлоо тилкелеринде электр энергиясы жоктугу, беткап режими сакталбай жатканы жана башка бузуулар тууралуу билдирсе болот.

Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана референдумга 316 эл аралык байкоочу катталды

Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана референдумга 316 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКнын отурумунда айтылды. Эксперттер 44 мамлекеттен жана 34 эл аралык уюмдан жөнөтүлдү.   Эске салсак, мамлекет башчыны шайлоо жана башкарууну аныктоо боюнча референдум ушул жекшемби, 10-январда өтөт.

Таласта тамактануучу жайдагы жарылуудан жабырканадардын экөөсү Бишкекке которулат

Таласта тамактануучу жайдагы жарылуудан жабырканадардын экөөсү Бишкекке которулат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алар кийинки дарылануусун травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда улантышат.   Учурда Кара-Буура ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндөгү дагы 3 бейтап дагы, зарылчылык жаралса, ордо калаага жеткирилет.   Эске салсак, 4-январда Кызыл-Адыр айылындагы тез… Кененирээк…