Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча координациялык кеңеш түзүлөт

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча шаардык деңгээлде координациялык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим аталган темага арналган координациялык кеңешменин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. «Жыйынга вице-мэр Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жарандык жана өкмөттүк эмес секторлордун өкүлдөрү… Кененирээк…

Жыл башынан бери 31,7 миллиард сом бажы төлөмү чогулду

Каржы министрлигине караштуу Бажы кызматы 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, алты айда 31,7 миллиард сом бажы төлөмү чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 11,7 миллиард сомго көп. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден кошумча нарк салыгы жок… Кененирээк…

Москвадан Бишкекке учканы жаткан жүргүнчүлөрдөн 21 миллион рубль уурдалды

Москвадагы «Шереметьево» аэропортунун кызматкери жүргүнчүлөрдүн 21 миллион рубль акчасын уурдаганга шектелүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.   Маалыматка ылайык, акча Москва-Бишкек багыты боюнча учканы жаткан жүргүнчүнүн сумкасынан уурдалган. Шектүү эки чемодандын биринен 10 миллион, экинчисинен 11 миллион рубль уурдоого шектелүүдө.   Учурда шектүү камакта. Ага… Кененирээк…

АКШда Леонардо Ди Каприонун үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгү пайда болду

АКШда Леонардо Ди Каприонун үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. “Титаниктин” жылдызы өзүнүн хансарайын ижарага берүү ниетинде. Ди Каприонун үйүндө жашагысы келгендер айына 32 миң 500 доллар төлөшү керек болот.   Актер Беверли-Хиллзде жайгашкан турак-жайды өткөн жылы 10 миллион долларга сатып алган.

Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу убактылуу чектелет

20-21-июлда күндөрү “Ысык-Көл” аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.   Чектөө учурунда жол боюна токтотулган унаалар эвакуацияланат, — дешти ведомстводон.

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга кайрадан тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга кайрадан тендер жарыялады.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, катышуучулардан документтер 21-июлга чейин кабыл алынат.   Эске салсак, мэрия 1-июлда тендер жарыялап, сынакка 4 компания катышкан. Бирок алар техникалык талаптарды аткарбаганына байланыштуу, тендер жокко чыгарылган. Газ… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Кыргызстанда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, “Социалдык келишим” долбоору республиканы толук камтып, кичи бизнес баштап, жашоо шартын жакшыртууга колдоо көрсөтүү максатында аз камсыздалган үй-бүлөлөр тандалат.   Бул максатта… Кененирээк…

Балыкчы шаарынын мэри болуп Бакыт Шаршеев дайындалды

Балыкчы шаарынын мэри болуп Бакыт Шаршеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Шаршеев буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун башкы директору болуп эмгектенген.   Ал эми анын ордуна аба майданды Манас Самидинов жетектеди.