Чолпон-Атада Жеңиш паркы оңдолуп баштады

Чолпон-Атада Жеңиш паркы оңдолуп баштады. Калаа мэри Талант Сарыбагышев билдиргендей, бул жерде жаңы балдар аттракциондору,  инсталляциялар пайда болот.   Жаңыланган аймакка эс алуучулар туристтик сезондун башталышы менен кире алат.

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай өзгөргөн жок

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай өзгөргөн жок. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Бакыт Рысбеков билдирди.   Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуусу эки жылдан бери онлайн форматта билим алып жаткандыктан, быйыл өзгөртүүлөрдү киргизбей туруу чечими кабыл алынды.   Эске салсак,… Кененирээк…

Ошто ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган жарандар үчүн дарыканалар ачылат

Ошто ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган жарандар үчүн дарыканалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, бул дарыканаларда препараттар арзандатылган баада сатылат.   Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Фармацевтикалык компаниялар арасында сынак жарыяланды.

Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө 105 миллион сом бөлүнгөн

Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө 105 миллион сом бөлүнгөн. Каражат кандай бөлүштүрүлгөнү жана кайда багыттала турганын Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.   “Токио олимпиадасына биз 105 миллион сом караганбыз. 5 миллион сому спорттук жана параддык экипировка деп коебуз, спортчулардын кийимине… Кененирээк…

Ак-Суу районунун Маман айылында жаңы фельдшердик-акушердик түйүн ишке кирди

Ак-Суу районунун Маман айылында жаңы фельдшердик-акушердик түйүн ишке кирди. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, иштердин баасы 3 миллион сомго бааланды.   Бул суммага курулуш, түйүндүн айланасын тосуу, көрктөндүрүү иштери жана медициналык жабдууларды сатып алуу кирди.

Токмокто “Коопсуз шаардын” алкагында камералар орнотулуп жатат

Токмокто “Коопсуз шаардын” алкагында камералар орнотулуп жатат. Иштер  6 көчө кесилиште жүрүүдө. Эске салсак, долбоор эки этапка бөлүнгөн. Биринчисинин алкагында Бишкектин бардык көчөлөрү жана Чүй облусундагы жолдор камералар менен камсыздалат.   Ал эми экинчи этапта байкоо камералары өлкөнүн бардык облустарында пайда болот.

Конституция боюнча референдумда кабыл алынган чечим БШКнын расмий жарыясынан кийин күчүнө кирет

Конституция боюнча референдумда кабыл алынган чечим БШКнын расмий жарыясынан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, Боршайком добуш берүү күнү катталган бардык арыз жана даттанууларды карап чыгышы керек. Андан кийин Референдумдун жыйынтыгы чыгарылып, чечим кабыл алынат. Алдын-ала… Кененирээк…

Тайванда эркек жумушка чыкпаш үчүн 1 айда 4 жолу үйлөндү

Тайванда эркек жумушка чыкпаш үчүн 1 айда 4 жолу үйлөндү. Алгач банк кызматкери сүйлөшкөн кызына үйлөнгөндө, ага мыйзамдуу 8 күндүк эс алуу берилген. Бул ага аздык кылып, ал улам ажырашып, улам үйлөнө берген.   Жыйынтыгында, жаш жубайлар 32 күн эс алды. Төртүнчү ирет банк ага… Кененирээк…

Кыргызстан жайкы Олимпиада оюндарында 3 жеңишке ниеттенүүдө

Кыргызстан жайкы Олимпиада оюндарында 3 жеңишке ниеттенүүдө. Бул Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбековдун пикирин уксак.   “Ар бир спортчунун ал жакка лицензия алышы эле өзүнчө оорго турат. Лицензия алып, Олимпиага баргандан кийин ар бир спортчунун шансы бар жеңишке. Биз болсо 3… Кененирээк…

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 19-апрелден 23-апрелге чейин трассанын 129-131-чакырымдарында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жабык болот. Айдоочуларга каттамын эртелеп пландаштыруу сунушталат.