“Манчестер Юнайтед” ПСЖнын форварды Килиан Мбаппени сатып алуу тууралуу ойлонууда

“Манчестер Юнайтед” ПСЖнын форварды Килиан Мбаппени сатып алуу тууралуу ойлонууда. Клуб Криштиану Роналду менен келишим аяктаары менен француз форварды менен макулдашуу түзүүнү пландап жатат.   “Манчестер Юнайтедде” дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын бири болуп саналган Килиан Мбаппенин трансферине жана анын айлыгына каражат жетиштүү экени белгиленет.

Кыргызстанда туристтик ишкердүүлүк, мейманкана жана ресторандардан салык төгүмдөрү көбөйгөнү катталды

Кыргызстанда туристтик ишкердүүлүк, мейманкана жана ресторандардан салык төгүмдөрү көбөйгөнү катталды.   Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, жыл башынан берки 9 айда республикалык бюджетке салык катары 643 миллион 740 миң сом түштү. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 587… Кененирээк…

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 19 миллион сомго насыялары чийилди

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 19 миллион сомго насыялары чийилди. Андан тышкары, 28 миллион сомго барабар 138 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 400дөн ашык жарандан арыз келип түшкөн. Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.

Президент Жапаров эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин сессиясына катыша турганын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Эртең парламентте министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берет. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы тууралуу маселе карала турганы айтылды. Жыйын саат 10:00дө башталат. Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жарнама такталарынан жылына 37 миллион сом табат

Бишкек шаарында ушул тапта 541 чоң жарнама такталарына 167 келишим түзүлгөн.   Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек мэриясы Жогорку Кеңеште “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралган учурда билдирди.   Маалымат боюнча, борбордогу жарнама такталарды ижарага берүүдөн мэрияга жыл сайын 37 миллион сомдун тегерегинде… Кененирээк…

“Бишкек суу каналы” ишканасынын кызматкерлери жеке үйлөрдөгү суунун сапатын текшерүү иштерин жүргүзгөн жок

“Бишкек суу каналы” ишканасынын кызматкерлери жеке үйлөрдөгү суунун сапатын текшерүү иштерин жүргүзгөн жок. Мэриядан белгилешкендей, адистер күн сайын тиешелүү текшерүүлөрдү суу дарбазаларында жана  360 көзөмөл түйүндөрүндө гана жүргүзөт.   Ал эми үймөй-үй кыдыргандар шылуундар болушу мүмкүн. Аларга эшикти ачпай, сууну текшерүү шылтоосу менен үйдүн ичине… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтер үчүн сервистик борборлор курулат

Ысык-Көлдө туристтер үчүн сервистик борборлор курулат.   Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорго ылайык, 5 объектти түзүү пландалууда.   Имараттарда маалыматтык борборлор, кичи дүкөндөр, кафетерий жана медициналык кабинет жайгашат. Курулуш иштери 2024-жылга чейин аяктайт. Келечекте… Кененирээк…

Мунай ташуучулар Унаа жана жолдор министрлигинин айдоочулардан кошумча акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Мунай ташуучулар Унаа жана жолдор министрлигинин айдоочулардан кошумча акча чогултуу демилгесине каршы чыкты. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, буга чейин ведомство май куюучу станцияларда сатылган күйүүчү материалдын ар бир литрине салык киргизүүнү сунуштаган. Чогулган каражат жолдорду оңдоого жумшалмак.… Кененирээк…

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Баткен облусунда 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, Марказ айыл аймагы Айрыбаз, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан, Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.   Андан тышкары Валакиш айылы Тегирмеч, Ноогардан айылы Ак-Өргө, Халмион… Кененирээк…

2022-жылдагы эң популярдуу туристтик багыттар аталды

2022-жылдагы эң популярдуу туристтик багыттар аталды. ForwardKeys компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында Доминикан Республикасы жайгашты. Бул өлкөгө пандемияга чейинки көрсөткүчкө салыштырмалуу, 5 пайызга көп туристтер келди.   Экинчи орунда 2020-жылга чейинки туристтердин санын сактап калган Түркия турат. Андан кийинки позицияларда Коста-Рика, Мексика, Ямайка, Бангладеш, Греция,… Кененирээк…