Зинедин Зидан “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти

Зинедин Зидан “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Мындай чечимге ал өзү келди. Белгилеп кетсек, 48 жаштагы Зидандын “Реал” менен келишими 2022-жылга чейин болчу.   Сезондун аягында клуб 2010-жылдан бери биринчи жолу кубоксуз калды. Клуб быйылкы сезонду Испания чемпионатын                84 упай менен экинчи орунда жыйынтыктады.  … Кененирээк…

Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды

Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинже кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.   “Бишкасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдун асфальт катмарын жаңыртып, бордюрларды орнотот.   Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды түзүп алуу… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилип баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, документтин алгачкы нускаларын салтанаттуу тапшыруу аземи №4 калкты тейлөө борборунда өттү.   Белгилеп кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан ашык убара тартты. Ведомство жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар эми кымбаттоо позициясында

Кыргызстанда доллар эми кымбаттоо позициясында. Бир сутка ичинде америкалык валютанын куну 50 тыйынга көтөрүлдү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 83 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 80 тыйынга сатышууда.   Улуттук банк азырынча валюта серпилүүсүнө таасир бере  элек, андыктан,… Кененирээк…

8 жылдан соң Жалал-Абаддан Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна аба каттамы жанданды

8 жылдан соң Жалал-Абаддан Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна аба каттамы жанданды. Биринчи рейс 18-июнга белгиленди. Жүргүнчүлөрдүн агымына жараша, учактар жумасына канча ирет каттай турганы чечилет.   Эгер каалоочулар көп болсо, Жалал-Абаддан Тамчыга учактар күн сайын дагы катташы мүмкүн.

Кыргызстанга 5-майда келген көчмө клиникалар аймактарга жеткириле элек

Кыргызстанга 5-майда келген көчмө клиникалар аймактарга жеткириле элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ведомство жетекчиси белгилегендей, бул бюрократиялык процедуралардан болууда.   Унаалар каттоодон өтүп, камсыздандырылышы керек болчу. Күтүлгөндөй, маселелер жакынкы арада чечилет. Эске салсак, Ислам өнүктүрүү банкы көчмө клиникаларды тартуулаган.

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө бүгүн эртең мененки маалыматка ылайык 80 жүк ташуучу унаа кезекте турат, — деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.   Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулардын Казакстан биздин унааларды өткөрбөй жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу алардын… Кененирээк…

“Евровидение” музыкалык сынагы онлайн форматта уланат

“Евровидение” музыкалык сынагы онлайн форматта уланат. Уюштуруучулардын айтымында, расмий YouTube-каналда сынактын катышуучуларынын ар бир видеосу жүктөлөт.   Алар пандемия коркунучунан улам буга чейин эле тартылып, даярдалган. Жарым финалчылар көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн 28-29-майда тартуулайт.   Эске салсак, быйыл сынакта италиялык рок—группа жеңүүчү аталды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, балдарды 6 окуучу жандап барды.   Ысык-Көлдөн кийин алар Кадамжайдагы “Семетей” лицейине 15 күнгө эс алууга барышат.

Кыргызстанда 174 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Кыргызстанда 174 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, тизмеде мектептер, бала бакчалар, спорт комплекстери, ооруканалар, маданий объектилер, суу түтүктөрү бар.   Каржылоо “Капиталдык салымдар” беренеси менен жүргүзүлүүдө. Быйыл бул максаттарга Каржы жана экономика министрлиги 1 миллиард… Кененирээк…