Рио-де-Жанейродо салттуу карнавал быйыл өткөрүлбөйт

Рио-де-Жанейродо салттуу карнавал быйыл өткөрүлбөйт. Бразилиялык шаардын жетекчиси Эдуарду Паес жыл сайын уюштурулуп келген иш-чарадан быйыл баш тартуу чечимин жарыялады.   Ал түшүндүргөндөй, бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Карнавал эмки жылы өткөрүлүшү мүмкүн, — деди мэр.

Саламаттыкты сактоо министрлигин оптималдаштыруу алдына 170 уюм туура келет

Саламаттыкты сактоо министрлигин оптималдаштыруу алдына 170 уюм туура келет. Министрдин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, реформадан кийин 40 дарыгерлер борбору, 20 ооруларды алдын алуу борбору түзүлөт.   Бул биринчи медициналык жардам көрсөтүү кызматын жакшыртып, күндүзгү стационарлардагы кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эки кар көчкү түштү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарында түштү.   Көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 миң кубометрди түзөт. Трассанын бир тилкеси кыймылга жабылды. Жабыркагандар жок. Учурда жеринде жолчулар жана атайын… Кененирээк…

Бишкектин жана Чүй, Талас облустарынын айрым аймактары калың жааган кардан улам жарыксыз калды

Бишкектин жана Чүй, Талас облустарынын айрым аймактары калың жааган кардан улам жарыксыз калды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, учурга карата 30дан ашык бригада электр жабдууларындагы аварияларды жөнгө салууда.   Жарандарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Мамлекеттик экотехинспекция аймактардагы тез тамактануу жайларын текшерип жатат

Мамлекеттик экотехинспекция аймактардагы тез тамактануу жайларын текшерип жатат. Ведомство маалыматына ылайык, учурда рейд Нарын облусунда жүрүүдө. Анын алкагында тез тамактануу түйүндөрүндөгү өрт коопсуздугу, жабдуулардын, газ баллондорунун туура орнотулушу текшерилүүдө.   Эске салсак, буга чейин Талас  облусунда жана Каракол шаарында тез тамактануу жайларында газ баллон жарылып,… Кененирээк…

Мурдагы министр Чолпонбаев марттын ортосуна чейин үй камагында калат

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.   Ага ылайык, баш коргоо чарасын узартуу боюнча чечим ушул райондук сотто кабыл алынган. Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык… Кененирээк…

Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уюштурулат

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарманке эртең, 23-январда Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.   Дүң баадагы азык-түлүктөрдү алуу үчүн жарманкеге саат 10дон тартып барса болот. Анда эт, сүт азыктары жана жашылчалар арзандатылган баада жеткиликтүү.

Карантин учурунда блокпостторго дарыгерлерди тартуу натыйжалуу болбогону айтылды

Өлкөдө пандемия маалында медицина кызматкерлери блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок бул ыкма натыйжалуу болгон эмес дейт пандемиянын кесепеттерин иликтөө комиссиясынын мүчөсү Самат Асаналиев. Бул тууралу ал бүгүн, 22-январда өтүп жаткан комиссиянын жыйынында айтты. «Дарыгерлердин көбү блокпосттордо иштөөгө тартылган. Бирок натыйжасы аз болгон. Блокспосттордо иштеген дарыгерлердин ишин күч органдарынын… Кененирээк…

Айдоочуларга эскертүү

Аба ырайынан улам айдоочулар зарылдык болбосо Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош жолдоруна сапарга чыкпай эле койгону жакшы. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.   «ӨКМден аба ырайынын өзгөрө турганы, кар калың жаап, жол тайгалак болуп, аны катуу шамал коштоорун кабарлашты. Андыктан айдоочуларга… Кененирээк…

Илон Маск кычкыл газын кармоо жана сактоо боюнча мыкты технология ойлоп тапкандарга 100 миллион доллар убадалады

Илон Маск кычкыл газын кармоо жана сактоо боюнча мыкты технология ойлоп тапкандарга 100 миллион доллар убадалады. Кеп, кычкыл газын максималдуу түрдө атмосферадан ажыратып, экологияны жакшырта турган механизм тууралуу болуп жатат.   Tesla жана  SpaceХ компанияларынын негиздөөчүсү сынакты өзүнүн Твиттер баракчасында жарыялады.