Бишкекте эки жаңы жылдык жарманке иштеп жатат

Бишкекте эки жаңы жылдык жарманке иштеп жатат. Муниципалитет маалыматына ылайык, алар Свердлов жана Ленин райондорунда ачылды. Жарманкелерде бишкектиктер жакындарына өзгөчө жаңы жылдык белектерди таба алат.   Аларда кичи ишканалардын, өндүрүүчүлөрдүн продукциялары, кондитер азыктары, чайдын түрлөрү, жаңы жылдык оюнчуктар жана башка көптөгөн буюмдар тартууланды.

“Балага сүйүнчү” пособиесин быйыл 130 миң жаран алды

“Балага сүйүнчү” пособиесин быйыл 130 миң жаран алды.   Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди. Ал эске салгандай, бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан бериле турчу бир жолку жөлөк пул 4 миң сомго барабар.   Ошондой эле, 3 эм жарыкка келген үй-бүлөлөргө дагы… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсүн алды

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсүн алды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Андан такташкандай, учурда бланкаларды, коргоочу элементтерди жана дизайнды текшерүү жүрүп жатат.   Жаңы паспорттордун документтердин артыкчылыгы — коргоочу 30 элемент камтылып, электрондук чип жайгашкан.   Ошондой эле заманбап материалдар менен… Кененирээк…

Жарандар шайлоого байланыштуу каттоосун 29-декабрга чейин алмаштырууга тийиш

Жарандар шайлоого байланыштуу каттоосун 29-декабрга чейин алмаштырууга тийиш. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, жаңы үлгүдөгү ID-картанын чипине өзгөртүүлөрдү калкты каттоо борборлорунун адистери киргизип берсе, эски улгүдөгү ID-картаны алмаштыруу керек болот.   Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма аркылуу башка жерден… Кененирээк…

France Football басылмасы бардык замандын мыкты футболчуларынан курама түздү

France Football басылмасы бардык замандын мыкты футболчуларынан курама түздү. Дарбазачы позициясына советтер союзунун голкипери Лев Яшин тургузулду.   Андан тышкары, “мыкты командага” Диего Марадона, Пеле, Хаве, Криштиану Роналду, Роналдо жана Лионель Месси кирди. Тизме дүйнө жүзүндөгү 140 спорттук журналисттердин пикири менен түзүлдү.

Бишкектин троллейбустарында жол кирени эми телефон аркылуу төлөсө болот

Бишкектин троллейбустарында жол кирени эми телефон аркылуу төлөсө болот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Азырынча, виртуалдуу карталар андроид-смартфондор үчүн гана жеткиликтүү.   Бишкектиктер аны менен колдонуу үчүн болгону “Тулпар” тиркемесин көчүрүп, жеке кабинетин түзүү жетиштүү. Ал эми троллейбуска киргенде телефонду валидаторго такап, төлөмдү жүргүзүү… Кененирээк…

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун курулушу жыйынтыкталды

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун курулушу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тилкеде аска таш алынды. Жол эки эсе кеңейтилип, 8 метрге жеткирилди.   Анда жол белгилери орнотулду. Трасса Кара-Кече кенинен көмүр ташуучу чоң унааларга ачык.

Кыргызстанда доллар курсу дагы эле серпилүүдө

Кыргызстанда доллар курсу дагы эле серпилүүдө. Кечээ америкалык валютанын куну дээрлик 2 сомго арзандаса, бүгүн кайра 50 тыйынга кымбаттады.   Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 82 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 50 тыйындан сатышууда.   Ал эми евро, рубль жана… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жанды

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жанды. Мэриядан билдиришкендей, быйыл салтанат майрам уюштурулбай эле өткөрүлдү. Балатынын өзү былтыркы, анын бийиктиги 27 метрди түзөт.   Жалал-Абаддын көчөлөрүндө жеке компаниялар жана муниципалдык ишканалар өз имараттарын жаңы жылга карата жасалгалоодо.

Жумушсуздарды ишке онлайн түрүндө орноштурган жаңы кызмат ишке кирди

Жумушсуздарды ишке онлайн түрүндө орноштурган жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.   Анын айтымында, эми жарандар жумуш издөөчү катары каттоодон өтүү үчүн министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнө zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн кайрылса болот.   Ошондой эле бул сайттын жардамы… Кененирээк…