Кыргызстан мектептерин 12 жылдык окуу программасына өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат

Кыргызстан мектептерин 12 жылдык окуу программасына өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрин милдетин аткаруучу Уланбек Мамбетакунов билдирди.   Анын айтымында, аталган система окуу китептери даяр болгон, мамлекеттик билим берүү стандарды кайра каралып чыкканда киргизилет.   Белгилеп кетсек, бул демилге буга чейинки министр… Кененирээк…

Кыргызстан Түркмөнстандан 2 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, Түркмөнстандан алына турган электр энергиясы Өзбекстан аркылуу транзит менен өтөт. Буга байланыштуу келишимге 12-14-октябрда Ашхабад шаарында кол коюлат. Ибраев кошумчалагандай, Кыргызстан 2023-жылы Казакстандан… Кененирээк…

Гонконг бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алгандан кийин туристтерди акысыз авиа билеттер менен кызыктырып баштайт

Гонконг бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алгандан кийин туристтерди акысыз авиа билеттер менен кызыктырып баштайт. Пандемиядан улам аталган шаарга чет элдиктер көп келбей калды.   Туристтерди кайра тартуу үчүн жергиликтүү бийлик 500 миң авиа билет сатып алып, эми аларды таратуу ниетинде. Белгилеп кетсек, коронавирустук чектөөлөр 6 айдан… Кененирээк…

8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

Келе жаткан ишембиде, 8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт. Мэрия шаар тургундарын өздөрүнө тиешелүү аймакты жыйнап-тазалоого чакырат. Таза шаар биринчи кезекте жарандарга керек, — дешет муниципалитеттен.   Белгилеп кетсек, буга чейинки жалпы ишембилик Баткен окуяларына байланыштуу жылдырылган болчу.

Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы ишенимдүү түрдө өсүп жатат

Бишкекте кыймылсыз мүлктүн баасы ишенимдүү түрдө өсүп жатат. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, ордо калаада турак-жайдын бир чарчы метри орточо эсеп менен 100 долларга кымбаттады.   Өзгөчө 1 бөлмөлүү батирлердин баасы өстү. Эгер бир жыл мурда, 2021-жылдын сентябрында 4 бөлмөлүү батирге эң кымбат баа чарчы… Кененирээк…

Баткенге жардам катары 315 миллион сомдон ашык чогулду

Баткенге жардам катары 315 миллион сомдон ашык чогулду. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 3,5 миңден ашык которуу жүргүзүлдү. Каражат азырынча атайын ачылган эсепте сакталууда.   Аны багыттоо баштала элек. Чогулган сумманы туура бөлүштүрүүгө Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Баткен облусунда жабыркаган айылдардын генералдык планын иштеп чыгуу башталды

Баткен облусунда жабыркаган айылдардын генералдык планын иштеп чыгуу башталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, кеп Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдары тууралуу болуп жатат.   Адистер тилкелерди изилдеп, аткарылчу жумуштарды аныктап, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.   Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан чек ара жаңжалында 640… Кененирээк…

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик калыбына келтирүү борбору ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик калыбына келтирүү борбору ачылышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.   Ведомство маалыматына ылайык, өлкөдө учурга карата ар кандай майыптыгы бар 200 миң адам жашайт. Алардын көбү кымбат жеке борборлордун кызматтары менен… Кененирээк…

Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүдө каржылык институттардан жардам сурады

Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүдө каржылык институттардан жардам сурады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, алардын айрымдары социалдык программаларды каржылоого даярдыктарды көрүп баштады.   Чиновник мамлекеттик банктарды, өнүктүрүү фонддорун жана башка мекемелерди Лейлек, Баткен райондорундагы бизнес-долбоорлорду каржылоого чакырды. Бул жаңы жумуш орундарын түзүп,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үйлөрү талкаланган жарандарга 300 миң сомдон берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үйлөрү талкаланган жарандарга 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге шилтеме келтирип билдирет.   Анын айтымында, каражат эки бөлүп тапшырылат. Жарандарга банк эсебин ачуу сунушталат.   Чиновник белгилегендей, жаңжалда келтирилген материалдык зыянды… Кененирээк…