Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, ошондой эле ар бир катар министрликтин жетекчилери өз багытында кызматташуу боюнча программага, протокол жана меморандумга кол коюшту. Ага ылайык Бишкек менен Баку шаарлары достук… Кененирээк…

Кыргызстанда 18 оорукана медициналык жабдуулар менен жабдылды

Кыргызстанда 18 оорукана медициналык жабдуулар менен жабдылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жардам Азия өнүктүрүү банкы менен республиканын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде берилди. Медициналык мекемелерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы аппараттар орнотулду. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин потенциалы жогорулатылды.

Япония чет элдиктердин кирүүсүнө ковид эрежелерин жокко чыгарды

Япония чет элдиктердин кирүүсүнө ковид эрежелерин жокко чыгарды. Бүгүндөн тарта кыска мөөнөттүү визаларды берүүгө тыюу салуу жана абитуриенттердин күнүмдүк санына чектөөлөр өз ишин токтотту. Мындан тышкары, туристтер эми Японияга атайын топ менен гана эмес, жекече да бара алышат. Өлкө бийлиги ички туризмди стимулдаштыруу боюнча кампанияларды… Кененирээк…

Ордо калаада 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкциялар демонтаждалды

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы бир жуманын ичинде ордо калаадагы 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкцияларды демонтаждады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.… Кененирээк…

Бишкектин Гоголь көчөсү оңдолду

Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдолгон көчөнүн жалпы аянты унаа токтотуучу жайларды кошкондо эки миң беш жүз метрди түзөт.  

Балыкчы шаарына жаңы мэр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Арнабек уулу Азамат Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Кайгуул кызматы жарандардан шаардын негизги көчөлөрүндө токтоткон унааларынын алдыңкы терезелерине телефон номерлерин калтырып коюну суранат.

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги аялдамаларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, жууп-тазалоо иштерине 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды. «Учурда Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларды… Кененирээк…

“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык адам арыз берди

“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык адам арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, булар Азербайжан, Армения, Молдова, Россия жана башка өлкөлөрдүн жарандары. Буга чейин 182 адам каттоодон өткөн. Калгандарынын документтери каралып жатат, — деп кошумчалады… Кененирээк…

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду. Ага ылайык Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылындагы үйлөр бузулат жана ордуна жаңы турак жай тургузулат. Алардын документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилет.… Кененирээк…