АКШда аюу ысык джакузиге түшүп алды

АКШда аюу ысык джакузиге түшүп алды. Чакырылбаган конокту видеого эркек тартып алган. Анда жырткыч тосмодон секирип, короого кирип келгенин көрсө болот. Андан кийин ал жылуу суу толтурулган джакузиге отуруп, 15 мүнөттөй ырахаттанып отурду.   Бул процедурадан кийин аюу туруп, кайра тоону көздөй бет алды.

Германияда эркек 4,5 ай бою эң чоң пазлды чогултууга аракет кылып, аягына чыккан жок

Германияда эркек 4,5 ай бою эң чоң пазлды чогултууга аракет кылып, аягына чыккан жок. Баш катырма 54 миң деталдан турат. Ал иш күндөрү чогултууга күнүнө 4-5 сааттан коротсо, эс алуу күндөрү 15 сааттан коротту.   Пазл дээрлик чогулгандан кийин, бир гана деталь жетишпей жатканы белгилүү… Кененирээк…

Бишкек — Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, бир жоокер каза болду

Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Бишкек — Ош жолунда аскердик автоунаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Н. А. аттуу аскер кызматкери каза болуп, дагы бир… Кененирээк…

«Коопсуздук-2021» машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет

1-3-апрель күндөрү өтүүчү «Коопсуздук-2021» аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.   Иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышат. 100дөн ашуун ар… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө газ жок болот. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, көгүлтүр от 31-марттан 2-апрелге чейин Сухэ Батор, Куттубаев, Айтиев, Каралаев көчөлөрүн бириктирген бөлүктө өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ордо калаада 14-троллейбус ишин токтотот

Ордо калаада 14-троллейбус ишин токтотот. novosti.kgге Троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, бул электр тармактарындагы ири аварияга байланыштуу.   Ушул эле себеп менен 5-троллейбус убактылуу каттамын алмаштырат. Оңдоо иштери эртеңкиге чейин аяктайт деп пландалууда.

Бишкекте 1-апрелде дагы 5 көчөнү оңдоо иштери башталат

Бишкекте 1-апрелде дагы 5 көчөнү оңдоо иштери башталат. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп Карасаев, Логвиненко, Ак-Тилек, Култегин жана Дзержинский көчөлөрү тууралуу болуп жатат.   Андан тышкары, Мурас-Ордо конушунун кире бериши кайра калыбына келтирилип, Ак-Босого конушунда көпүрө курулат. 1-апрелден тарта аталган көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Оңдоо иштери… Кененирээк…

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арага жакын айылдардын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арага жакын айылдардын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ага чек ара суроолору боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жардам берет.   Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары менен жолугуп, Өзбекстан менен жер алмаштуу тууралуу айтып беришет. Жолугушуулар эртең жана… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, анализдин жыйынтыктары Россия жана Нидерландыга жөнөтүтөлөт.   Мутацияланган ковиддин үлгүсү республика аймагында жок. Өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн калктын 60 пайыздан ашыгын эмдөө керек, — деди Бейшеналиев.   Белгилеп… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүнө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин борбордук бөлүгүнө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Фрунзе, Түгөлбай Ата, Ибраимов жана Панфилов көчөлөрүн бириктирген тилкеде суу жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Көк-Жар” суу дарбазасында оңдоо иштерине байланыштуу.