ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе рекорд орнотту

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе Чемпиондор лигасынын тандоо турунун биринчи оюнунда дубль ишке ашырды.   Муну менен оюнчу рекорд орнотту. Эми анын жеке эсебинде еврокубоктун алкагында 35 гол бар. 23 жашында ал мындай көрсөткүчкө жеткен жалгыз футболчу болуп калды.   Буга чейинки рекорд Лионель Мессиге таандык… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча командасы Россия курамасы менен достук жолугушуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча командасы Россия курамасы менен достук жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Беттеш 24-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.   Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн футбол курамалары биринчи жолу оюн талаасында жолугушат. Биздин команда ФИФА рейтингинде 95-орунда турса, Россия курамасы 35-позицияда жайгашат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдында “Жарандык жана санарип билим берүү борборлору” долбоору кое берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы алдында “Жарандык жана санарип билим берүү борборлору” долбоору кое берилди. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.   Жалпысынан китепкана жана жаштар борборлорунун базасында 70 аятнча ачылды. Алардын жардамы менен билим берүү программаларына мүмкүнчүлүк артып, электрондук кызматтарды колдонуу кеңейет.   Жыл аягына чейин мындай… Кененирээк…

Кыргызстанда майнинг криптовалюталарына уруксат берүү үчүн электр энергиясы жетишсиз

Кыргызстанда майнинг криптовалюталарына уруксат берүү үчүн электр энергиясы жетишсиз. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.   Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгынын башкы себеби – мурдагыдай эле Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун аз болушу. Андан тышкары, өлкө башка мамлекеттерден электр энергиясын импорттоого аргасыз.  … Кененирээк…

Президент “Аткезчилик менен күрөшүү чаралары жөнүндө” жарлыгына кол койду

Президент “Аткезчилик менен күрөшүү чаралары жөнүндө” жарлыгына кол койду. Документ улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды күчөтүүгө жана каттоого алынбаган товарды жоюуга багытталат.   Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине жүктөргө толук кандуу көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди. Андан тышкары, контрабандалык жүктү ташыган унаалар жана мыйзамсыз товар толугу… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш Саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.   Парламенттин отурумунда Баатырова депутаттардын суроолоруна жооп берип, саламаттыкты сактоо системасында олуттуу реформаларды жасоого убада берди.   Эске салсак, 23-августтан тарта Гүлнара Баатырова ведомство жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.

Бардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат

Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулукту алдын алуу маселесине арналган баяндар окуларын 6-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматта буга Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү себеп болгону белгиленди:   “Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин… Кененирээк…

Мышыктардын мыялаганын адам тилине которгон тиркеме Японияда 17 миллион жолу көчүрүлгөн

Мышыктардын мыялаганын адам тилине которгон тиркеме Японияда 17 миллион жолу көчүрүлгөн. Daily Mail жазгандай, Миау Ток тиркемеси 2 жыл мурда тартууланган.   Авторлор анда мышыктардын тамак берүү, алар менен ойноо же аларды жөн коюу талаптарын чогулткан. Тиркеме жаныбардын чыгарган дабышын үлгү менен салыштырып, “котормосун” жазып… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет. Каражат “Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө” долбоорунун алкагында тапшырылат.   Аны ишке ашыруунун жүрүшүндө “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алуу системасы жакшыртылып, аз камсыздалгандарды окутуу, аларды ишке орноштуруу каралат. Андан тышкары, социалдык коргоо системасы өнүктүрүлөт.

Министрлер кабинети кийинки жылдын 1-январынан тарта алтын жана санарип сомду киргизүүнү пландап жатат

Министрлер кабинети кийинки жылдын 1-январынан тарта алтын жана санарип сомду киргизүүнү пландап жатат. Акылбек Жапаровдун айтымында, андан тышкары, IT-технологиялар университетин ачып,  IT-шаарча түзүү зарылчылыгы бар.   Чиновник белгилегендей, бийликтин алдында Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай – Кыргызстан темир жолунун курулушу сыяктуу ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу… Кененирээк…