Кытай пандемия учурунда 19 миллиард долларлык товар сатты

Кытай пандемия учурунда 19 миллиард долларлык товар сатты. «Интерфакс» агенттигинин малыматында, сатуулар АКШ, Германия, Япония, Франция жана Италия өлкөлөрүнө жүргүзүлдү. Анда бет кап, мээлей коргонуу костюмдары жана көз айнектер, тест системалар, жасалма дем алдыруучу аппараттар жана инфракызыл термометр бар.  

Кыргызстандыктар кайрадан Түркияда дарылана алат

Кыргызстандыктар кайрадан Түркияда дарылана алат. Anadolu агенттиги билдиргендей, Түркия бийлиги 31 мамлекеттин жарандарына дарылануу үчүн өлкөгө кирүүсүнө уруксат берди. Түркияда дарылана турчу чет өлкөлүк жарандардын тизмеси алгач медициналык көзөмөл боюнча эл аралык системага киргизилет. Ал жактан алдын ала макулдук алгандан кийин гана дарыланууга уруксат берилет.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Жаңы катталгандардын 10у Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттар. Экөө Бишкектен, үчөө Чүй облусунан жана алты адам Нарындан аныкталды. Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 1 миң 138ге жетти.