Манастын эстелиги Нур-Султанда пайда болот

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарына тургузулчу Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланганын кабарлады. Билдирмеге ылайык, эстелик Нур-Султан шаарынын Жубанов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат. «Эстеликти жасоо боюнча сынакка кесипкөй скульптор, сүрөтчү жана архитекторлор гана катыша алат. Алар жалгыз же командасы менен… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо”  25-майда онлайн форматта өтөт

Быйыл Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо”  25-майда онлайн форматта өтөт. Мындай талап мамлекеттик жана менчик мектептердин барына тиешелүү. Ар бир облус өзүнүн куттуктоосун видео форматта даярдайт, ал мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт, — деди Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын өкүлү Айнура Кусеинова. Ал белгилегендей,… Кененирээк…

“Ювентус” “Аталантаны” жеңип Италия кубогуна ээ болду

“Ювентус” “Аталантаны” жеңип Италия кубогуна ээ болду. Беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды, — деп билдирет rsport басылмасы. Ийгилик алып келген голдорду Деян Кулушевски жана Федерико Кьеза жаратты. Ал эми “Аталантадан” жалгыз голду Руслан Малиновский киргизди. Кошумчаласак, футбол боюнча Италиянын чемпионатында “Аталанта” 78 упайы менен экинчи орунда келе… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кызматка  Айбек Жунушалиев бекитилди. Ал буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенген. Эске салсак, аталган кызматты буга чейин Артём Новиков ээлеп келсе, ал кызмат ордунан бошотулуп, бүгүн… Кененирээк…

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана ага орун басар дайындалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Азамат Ногойбаев, ага орун басар болуп Тилек Түкөбаев дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты. Аларды жамаатына ИИМ жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетов тааныштырган. Шаардык милициянын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен анын орун басары Эрлан Атантаев уурдалган Айзада Канатбекованын өлүмүнөн… Кененирээк…

23-майдан баштап Бишкекте жайдагыдай ысык болот

23-майдан баштап Бишкекте жайдагыдай ысык болот. Синоптиктердин маалыматы боюнча, ушул ишембиден тартып термометр мамычалары күндүз +30 градусту көрсөтсө, түнкүсүн +20 градуска чейин жетет. Бүгүн кечинде жана эртең ордо калаада жамгыр жаайт. Күтүлүп жаткан жаан-чачын жаздын акыркы күндөрүн жыйынтыктайт. Андан кийин калаа тургундарын катары менен 15… Кененирээк…

Кыргызстандагы банкоматтардын саны быйыл 6 пайызга көбөйүп, 1 миң 800гө жетти

Кыргызстандагы банкоматтардын саны быйыл 6 пайызга көбөйүп, 1 миң 800гө жетти. Көрсөткүч үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталына карата түзүлдү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, банкоматтардын 37 пайызы же 703ү Бишкекте жайгашкан. Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында 531 автомат бар. Андан тышкары, POS-терминалдардын саны 12 миңди түздү.… Кененирээк…

Ошто өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн курулушу башталды

Ошто өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн курулушу башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иштер кореялык эксперттер менен кызматташтыкта жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, Чолпон-Ата, Бишкек жана Сузакта дагы үч станция куруу пландалууда. Объектилер жаңы жабдуулар менен камсыздалат. Бул өз кезегинде куткаруучулардын ишинин сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү түйүндөргө радиациялык көзөмөл киргизилет

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү түйүндөргө радиациялык көзөмөл киргизилет. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жаңычылдык “Торугарт” жана “Иркештам” көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүндө пайда болду. Эми радиациялык көзөмөл чек арадагы жана темир жолдорундагы 16 өткөрүү түйүндөрүндө жүргүзүлөт. Атайын жабдуунун иши өткөрүү пункттарынан кирип жаткан унаалардын жана жүктөрдүн радиациясын көзөмөлдөөгө багытталат.

39 пайыз, тагыраагы 1 миллиондон ашык төлөм карталары Бишкекке туура келет

39 пайыз, тагыраагы 1 миллиондон ашык төлөм карталары Бишкекке туура келет. Бул көрсөткүч Кыргызстандагы жүргүзүлгөн операциялардын 58 пайызын ээлейт, — деп билдиришти Улуттук банктан. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен түшүндүрүшкөндөй, бул коммерциялык банктардын жана каржы ресурстарынын филиалдары жана сактык кассаларынын көбү ордо калаада жайгашканына байланыштуу. Андан… Кененирээк…