Кыргызстандык спортчу кыздар Азия ачык кубогуна катышат

Кыргызстандык спортчу кыздар Азия ачык кубогуна катышат. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, биздин өлкөдөн 48ден 78 килограммга чейинки салмактагы 8 спортчу барат. Турнирде 8 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу күч сынайт. Мелдеш 13-14-март күндөрү Казакстандын Актау шаарында өтөт

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, техникалар аталган өлкөдө өндүрүлгөн. Алар муктаждыкка жараша медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт. Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлуп, түрдүү… Кененирээк…

Вакцина флакону музей экспонаты болот

Вакцина флакону музей экспонаты болот. Вашингтондогу Улуттук тарых музейине Pfizer препаратынын айнек кутусу коюлат. АКШда ал аркылуу алгачкы ирет коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлгөн. Андан тышкары, музей дүйнөгө белгилүү болгон вируска байланыштуу башка дагы жабдууларды алды. Мисалга алсак, шприц, бейтаптын бейджиги жана вакцинациянын биринчи картасы. Булардын… Кененирээк…

Шайлоо тилкелерине добуш берүүчүлөрдүн текшерүү тизмеси илинди

Шайлоо тилкелерине добуш берүүчүлөрдүн текшерүү тизмеси илинди. БШКдан билдиришкендей, тизмеде жалпысынан 3 миллион 308 миң 813 жаран бар. Аларда бир гана жергиликтүү тургундар жайгашты. Жарандар өздөрүнүн маалыматын текшерип, ката болсо аларга өзгөртүүлөрдү 27-мартка чейин киргизсе болот. Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңешти шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү бекети 1-апрелде иштеп баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү бекети 1-апрелде иштеп баштайт. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан өткөрүү бекети таңкы саат 8ден кечки 6га чейин ачык болот. — дешти Чек ара кызматынан. Андан жарандар, унаалар, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. Белгилеп кетсек, «Каркыра» өткөрүү түйүнүндө электрондук виза колдонулбайт

Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы бир айда 11,5 пайызга кымбаттады

Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы бир айда 11,5 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен беришти. Ага ылайык, АИ-92 бензини орто эсеп менен 42 сом 63 тыйынды түздү,  ал эми дизелдик отундун баасы 40 сом 87 тыйынга жетип, 7,2 пайызга жогорулады. Ошол эле учурда АИ-92… Кененирээк…

“Ювентус” чабуулчусу Криштиану Роналду мадриттик “Реал” клубуна өтүшү ыктымал

“Ювентус” чабуулчусу Криштиану Роналду мадриттик “Реал” клубуна өтүшү ыктымал. Прессага белгилүү болгондой, португалиялык оюнчунун агенти сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Роналдуну келечекте аталган клубка кайтаруу маселесин талкуулады. Болжолдуу трансфердин баасы азырынча айтыла элек. Буга чейин “Ювентус” Роналдудан анын жогорку өлчөмдөгү маянасы үчүн баш тартаары белгилүү болгон. Бирок форвард… Кененирээк…

Кыргызстанда Орозо болжолдуу түрдө 13-14 апрелде башталат

Кыргызстанда Орозо болжолдуу түрдө 13-14 апрелде башталат. Бул тууралуу novosti.kgге мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аталган мөөнөт айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы ыктымал. Ыйык Рамазан айы жакындаганда дагы кошумча  маалымат берилет.

Россия Кыргызстанга күйүүчү май жагынан жардам берет

Россия Кыргызстанга күйүүчү май жагынан жардам берет. Бул тууралуу Отун, өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Жардам өзүнө 50 миң тонна мунай, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизелдик күйүүчү май жана 100 миң тонна учактар үчүн атайын күйүүчү майды камтыйт. Жардам эки өлкө… Кененирээк…

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификат берилет

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга сертификат берилет. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялагандай, вакцинациядан өткөн жарандар электрондук каттоого алынат. Бул үчүн атайын портал ишке кирет. Бүгүнкү күндө эмдөө иштерин жүргүзүүгө 40 миңден ашык медицина кызматкери даярдалып жатат. Эске салсак, буга чейин Кытай дагы чет өлкөгө чыгууну… Кененирээк…