Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөттүн ичинде жеңди

Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.   Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда ал эквадордук Розангела Реаско Валдес аттуу балбан менен кез келди.… Кененирээк…

Facebook адамдын жүзүн тааныган технологиядан баш тартат

«Фейсбук» социалдык тармагы адамдын жүзүн сүрөт жана видеодон автоматтуу түрдө тааныган технологиядан баш тартууну чечти. Компания бул чечим коомдогу чочулоодон улам кабыл алынганын түшүндүрдү. Технологияны колдонуунун так эрежелери жок болгону, бул канчалык этикага жатат деген нааразылык жаратып келатат.   «Фейсбук» миллиарддан ашуун колдонуучунун жүзүн тааныган… Кененирээк…

Кыргызстанда эң чоң айлыкты маалымат жана байланыш тармактарынын кызматкерлери алышат

Кыргызстанда эң чоң айлыкты маалымат жана байланыш тармактарынын кызматкерлери алышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир айда алар орточо эсеп менен 41 миң сомдон алышат.   Ал эми эң аз маяна искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында – болгону 10 миң сомдун тегерегинде. Жалпысынан,… Кененирээк…

Лейлек районунда суу сактагыч курулат

Лейлек районунда суу сактагыч курулат.   Долбоорлук-изилдөө иштерин өткөрүүгө тендерди Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин суу чарбачылыгы объектилерин куруу дирекциясы жарыялады.   Бул максатта 180 миллион сом жумшалат. Суу сактагыч жаңы айдоо талааларын түзүү үчүн курулат.

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулук жылуулук сезонунан ийгиликтүү чыгышы үчүн керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдөшү керек

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулук жылуулук сезонунан ийгиликтүү чыгышы үчүн керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдөшү керек. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, учурда өлкөнүн башкы резервуарында 12 миллиард кубометр суу бар.   Азырынча электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү пландалбайт.  1-ноябрга карата… Кененирээк…

“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилди

“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.   Анын айтымында, препарат менен эмдөө эки этап менен жүргүзүлөт. Натыйжалуулугу 95 пайызды түзөт. Эске салсак, “Файзер” вакцинасынын 259 миң дозасы Кыргызстанга октябрдын аягында COVAX программасынын алкагында жеткирилген.

Куткаруучулар айдоочуларга кооптуу тилкелерде этият болууга чакырат

Куткаруучулар айдоочуларга кооптуу тилкелерде этият болууга чакырат. Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кар жаап, муз тоңушу күтүлөт.   Буга байланыштуу, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары аркылуу сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө  дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаалар ортосундагы 500 мтерлик аралыкты сакташы керек.

Тарых музейи январга чейин чейин ачылышы мүмкүн

Тарых музейи январга чейин чейин ачылышы мүмкүн. Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, германиялык компания алдындагы карыз төлөндү.   Немис адистери ушул айда өлкөгө келип, мультимедиялык системаны ишке киргизсе, анда Жаңы жылга чейин музей каалгаларын ачып калат. Эске салсак, тарых музейин калыбына келтирүү иштери 2016-жылы башталган.… Кененирээк…

Кыргызстанга жакынкы арада атайын муздаткыч жабдуулардын 200 даанасы жеткирилет

Кыргызстанга жакынкы арада атайын муздаткыч жабдуулардын 200 даанасы жеткирилет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.   Анын айтымында, муздаткычтар “Файзер” вакцинасын коопсуз сактоо үчүн колдонулат. Анда -80 градус болгондуктан, препаратты 6 айдан 9 айга чейин сактоо мүмкүн болот.

Чаткалда бир литр бензиндин баасы 77 сомго чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензин 75-77 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Жоодар Атантай уулу «Азаттыкка» кабарлады. Ал бензиндин кымбатташы башка тамак-аш өнүмдөрүнө таасирин тийгизип, райондо кымбатчылык болуп жатканын айтты. «Бензиндин баасы бизде өтө эле көтөрүлүп кетти. Азыр литри 75-77 сомдон… Кененирээк…