Криштиану Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригестин туулган күнүн таң калаарлык куттуктады

Криштиану Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригестин туулган күнүн таң калаарлык куттуктады. “Манчестер Юнайтетддин” чабуулчусу дүйнөдөгү эң бийик имарат болгон Дубайдагы “Бурдж-Халифанын” жогорку фасадын ижарага алып, андан кызга куттуктоо видеосун тартуулады. Родригес кечээ 28 жашка толду. Эске салсак, Криштиану жана Джорджина 4 жылдан ашык убакыттан бери мамиледе,… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар кочкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 30-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун тоолуу аймактарына кар массасы түшүшү күтүлөт. Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз, тайгак болот. Айдоочуларга унаалардын ортосундагы… Кененирээк…

Быйыл саякаттоо үчүн коопсуз болгон өлкөлөр аталды

Быйыл саякаттоо үчүн коопсуз болгон өлкөлөр аталды. Рейтингдин сап башын Катар ээледи. Эксперттер андагы кылмыштуулуктун эң төмөнкү көрсөткүчүн жана коопсуздуктун жогорку индексин белгилешти. Экинчи сапта Бириккен Араб Эмирлиги турса, үчилтикти Тайвань бекитет. Тизменин алдыңкы саптарына ошондой эле Оман, Швейцария, Гонконг, Япония, Армения жана Словения кирди.

Кышкы Олимпиадага бара турган Кыргызстан делегациясынын формалары көрсөтүлдү

Кышкы Олимпиадага бара турган Кыргызстан делегациясынын формалары көрсөтүлдү. Сүрөттөр менен Улуттук олимпиада комитети бөлүштү. Топтомго 14 кийим кирди. Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык фирма тарабынан бекер берилди. Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 4-февралда башталат.Кыргызстандын атынан лыжа спортчусу Максим Гордеев катышат.

Бишкекте коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамын бузгандарга чара көрүлүп баштады

Бишкекте коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамын бузгандарга чара көрүлүп баштады. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, рейддер Октябрь районунда жүрүп жатат. Текшерүүлөрдү ички иштер башкармалыгынын жана санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлору бирге жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам талаптарын бузган 4 мекеме текшерилип, 26 миң сомдук… Кененирээк…

Жылуу өлкөлөргө кыштын келиши уланууда

Жылуу өлкөлөргө кыштын келиши уланууда. Иорданиянын ордо калаасына 27 сантиметр кар жаады. Синоптиктер мындай сууктун түшүшүн “аба-ырайынын депрессиясы” деп аташты. Болжолдоолор боюнча, кар бүгүн кечке чейин жаайт. Жолдордун барын кар жаап калды, Аммандагы аэропорттун шоссесинде ондогон унаа токтоп калды. Аба-ырайынын мындай шартарынан улам Иорданиянын премьер-министри… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында №114 маршруттук таксинин каттамы жанданат

Жалал-Абад шаарында №114 маршруттук таксинин каттамы жанданат. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аталган коомдук унаа дүйшөмбү, 31-январдан тартып Курманбек кичирайонунун жүргүнчүлөрүн ташып баштайт. Каттамга алгач эки кичи автобус кое берилет. Линиянын жол чиймеси жергиликтүү жашоочулар менен бирге түзүлдү.

Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү “Ковидге ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ондолду

Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү “Ковидге ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ондолду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ички жана тышкы жасалгалоо иштери аткарылып, эшик, терезе, жылуулук системасы жана электр тармактары алмаштырылды. Муктаждык жаралса аталган бөлүмдөр коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алат. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 14 миллион сомдон… Кененирээк…

Баткен районундагы жаңжалда үзгүлтүккө учураган бардык электр жабдуулары калыбына келтирилди

Баткен районундагы жаңжалда үзгүлтүккө учураган бардык электр жабдуулары калыбына келтирилди. «Ош электр» ишканасынан билдиришкендей, учурга карата 6 айыл толук жарык менен камсыздалды. Аталган айылдарды Самаркандек көмөк чордонунан чыккан Ортобоз аба чубалгысы электр энергия менен камсыздайт. Анда 52 трансформация жайгашкан, андан 1,5 миң  абонент электр энергия… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында катталган жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт

Кыргыз-тажик чек арасында катталган жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды бүгүн кечке чейин кайра алып келүү тапшырмасы берилди. Андан… Кененирээк…