Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти. Мелдеш 24-26-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага Нидерланд, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан спортчулар катышат. Эркектер арасында 55, 61, 67,… Кененирээк…

Түштүк Суданда 17 жаштагы кыздын калыңына 500 баш уй берилди

Түштүк Суданда 17 жаштагы кыздын калыңына 500 баш уй берилди. Болочок күйөө бала анын үстүнө 3 унаа, 7,5 миң евро кошуп берди. Бул жергиликтүү стандарттар боюнча кыйла таасирдүү баа. Таң калычтуусу, бул кызды атасы аукцион аркылуу күйөөгө берди. Башында аукциондун башка талапкери кыз үчүн 250… Кененирээк…

Ош шаарында туш келди таштанды ыргыткандарга айып салынат

Ош шаарында туш келди таштанды ыргыткандарга айып салынат. Туура эмес таштанды төккөн жарандар менен күрөшүү максатында 20 жерге видео көзөмөл орнотулуп жатат, — деп билдиришти «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынан. Камералар таштанды атайын идишке салынбаган жана курулуш калдыктары көп төгүлгөн жерлерге орнотулууда. Алар 24 саат иштеп, жарандардын… Кененирээк…

Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилүүдө

Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Сейилбек Урустемов билдирди. Анын айтымында, 76 ишкер жылына 0,1 пайыз менен 200 миң сомдон алат. Акча күрөөсүз негизде, 3 жылдык мөөнөткө берилет. Андан тышкары, жабыр тарткан ишкерлерге… Кененирээк…

Кыргызстанда энерго компаниялардын саны эки эсе кыскарат

Кыргызстанда энерго компаниялардын саны эки эсе кыскарат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр» ишканалары эки этапта бириктирилет. Андан кийин, «Улуттук электр тармактарынын” карамагына өтөт. Мындай жол менен учурдагы 14 компаниядан 7 компания калат. Мындай… Кененирээк…

Нарын облусунун Жумгал районунда заманбап спорт зал пайда болот

Нарын облусунун Жумгал районунда заманбап спорт зал пайда болот. Объект Чаек айылынын борборунда Алыбаев көчөсүндө жайгашат жана андагы спортулар күрөш менен машыгат. Учурда курулуш иштери старт алып, пайдубалы түптөлүүдө. Долбоордун сметалык баасы 22 миллион сом. Каражат жергиликтүү бюджеттен берилди.

Жалал-Абад облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сузак, Базар-Коргон,  Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда турган 1 миң 860 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр акысыз таратылды. Жарандарды көмүр менен камсыз кылуу иш-чарасы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өттү.

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дароо көтөрүлбөйт

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дароо көтөрүлбөйт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин бааларды кармап туруу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Алсак, кумшекер жана унду экспорттоого кошумча нарк салыгы нөлдүк ставкага түшүрүлдү. Андан тышкары, ЕАЭБде кантты пошлинасыз өткөрүү боюнча чечим… Кененирээк…

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын эми бардык каалочулар ала алышат

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын эми бардык каалочулар ала алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал вакцинациянын баштапкы курсунан толук өткөн бардык адамдарга жеткиликтүү. Буга чейин кошумча үчүнчү ирет сайылчу доза үч категориядагы: 60 жаштан жогорку адамдарга, медицина кызматкерлерине жана иммундук жетишсиздиги бар жарандарга гана тиешелүү… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары мандаттарын ушул жумада алышат

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары мандаттарын ушул жумада алышат. novosti.kgге БШКдан билдиришкендей, тапшыруу эртең өтөт. 23-декабрда жаңы шайланган эл өкүлдөрү алгачкы жыйынга чогулат. Эске салсак, шайлоо 28-ноябрда өттү. Жогорку Кеңешке 6 партиядан 54 депутат жана бир мандаттуу округдан 34 эл өкүлү барат. Свердлов жана Биринчи май… Кененирээк…