Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Муса Жалил, Ялтин жана Веселый көчөлөрүндө, 4-12-кичирайондордун, Арча-Бешик жана Ынтымак конуштарынын бир бөлүгүндө электр энергиясы жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы «Ала-Тоо» аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы «Ала-Тоо» аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда борбордук аянтта LED-экран орнотулуп жатат. Эске салсак, инаугурация 28-январда Улуттук филармонияда өтөт. Иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле экс президенттер чакырылды

Москвада учуучу такси сыноодон өтүп жатат

Москвада учуучу такси сыноодон өтүп жатат. Аэротакси 2 жүргүнчүгө ылайык. Учуучу аппарат 300 килограммга чейин көтөрүп, 150 метрге чейин көтөрүлө алат. Электр кыймылдаткыч орнотулуп, 1 жолу кубаттандыргандан кийин учуу аралыгы 100 чакырымга чейин жетет. Мындай техника учуп-конуу үчүн атайын аянтчаны талап кылбайт. Бул үчүн кадимки… Кененирээк…

Дүкөнгө сабиз сатып алганы барган эркек 14 миллион сомго байыды

Дүкөнгө сабиз сатып алганы барган эркек 14 миллион сомго байыды. Британиялык Мартин Гилби дүкөнгө келгенде накталай акчасы жок болгондуктан карта аркылуу төлөм жүргүзөт. Бирок кассир ага карта менен төлөө үчүн кеминде 3 фунт стерлинг же 350 сомго соода жүргүзүү керектигин айтып, сабизге кошумча лоторея билетин… Кененирээк…

Бишкек–Ош унаа жолундагы өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга киргизилген чектөө алынды

Бишкек–Ош унаа жолундагы өткөрүү түйүндөрүндө кыймылга киргизилген чектөө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аталган жолдо кырсыктарды жана тыгындарды алдын алуу максатында кечээ «Сосновка» жана «Арал» постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынган. Чектөөлөр бүгүн алынды, каттамдар тоскоолдуксуз аткарылууда

Тоң районунда жаңы мектеп курулат

Тоң районунда жаңы мектеп курулат. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, жалпы билим берүү мекемеси Оттук айылында пайда болот. Объекти 275 окуучуга чакталат. Мектепте окуу корпусу, ашкана, спорт зал, акты залы жана компьтердик класс болот. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 1 миллион доллардан ашык. Курулуш Сауд… Кененирээк…

Конор Макгрегор жарым жылга беттештерден четтетилди

Конор Макгрегор жарым жылга беттештерден четтетилди. Р-Спорт билдиргендей, мындай чечим мушкер башкы беттештин экинчи раундунда Дастин Пуарьеден накаут менен жеңилгенден кийин кабыл алынды. Таймаштан кийин спортчу жаракат алган. Мушкердин ден соолугу тез калыбына келсе, айтылган мөөнөттөн мурда октагонго келет.

Ысык-Көл облусунда казино ачуу сунушталды

Ысык-Көл облусунда казино ачуу сунушталды. Идеянын авторлору парламент депутаттары. Демилгечилер чет элдиктерге гана кирүүгө уруксаат бериле турган Тамчы аба майданынын базасында атайын район түзүүнү сунушташты. Элдик депутаттардын айтымында, бул мамлекеттик бюджетти жана туризмди өнүктүрүүгө жардам берет. Документ өзүнөн бир катар эрежелерди камтыйт жана ал коомдук… Кененирээк…

Мэрия муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу программасын жандандырды

Мэрия муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу программасын жандандырды. Вице-мэр Азамат Сагындык уулунун айтымында, ушул жылы бир катар мекемелерди куруу пландалууда. Алсак, жакынкы аралыкта Көк-жар конушуна капсула салынат. Уй эки подъездден туруп, 72 батирлүү болот. Андан тышкары, программага катышуучуларды тандоо боюнча шаардык кеңешке комиссия түзүү тууралуу… Кененирээк…

Бишкекте бардык класстын окуучулары качан мектепке кайтары азырынча чечиле элек

Бишкекте бардык класстын окуучулары качан мектепке кайтары азырынча чечиле элек. Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, бул маселе боюнча ата-энелер түрдүү пикирде. Андан улам бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Ал эми бала бакчалар тууралуу айта турган болсок, аларды ачууга санитардык кызматтар азырынча уруксат бере элек. Андыктан,… Кененирээк…