Бишкектеги троллейбустар дезинфекцияланды

Бишкектеги троллейбустар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө адистери тарабынан дезинфекцияланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Мэриянын маалыматына ылайык, бардык кеңселер, коридорлор, башкаруу бөлмөлөрү жана троллейбус салондору атайын тазалоочу аралашма менен тазаланды. Мындай дезинфекция бактериялардын бардык түрлөрүнө каршы аракеттенет.   «Иш-чара аталган кызматтын кызматкерлери менен… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезонуна даярдык көрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезонуна даярдык көрүүдө. Ведомстводон билдиришкендей, учурда куткаруучулар атайын даярдык курстарынан өтүп жатат.   Адистер ошондой эле, көлмөлөрдүн тазалыгын текшерип, кооптуу тилкелерде эскертүүчү баннерлерди илип жатат. Андан тышкары, министрлик эл көп чогулган жерлерде санитардык нормалардын сакталышын текшерет. Белгилеп кетсек, ордо калаада… Кененирээк…

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө чектөөлөр киргизилди

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө чектөөлөр киргизилди. Анын Горький – Медеров тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт, — дешти мэриядан.   Маалыматка ылайык, кайра калыбына келтирүүнүн алкагында көчө кеңейтилип, жалпысынан   9 метрге жетет, ал эми жалпы узундугу дээрлик 2 чакырым. Кийин муниципалитет көчөнү оңдоону улантуу ниетинде, бирок анын Ахунбаевден… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоо качан өтөт азырынча белгисиз

Кыргызстан калкын каттоо качан өтөт азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Римма Чыныбаева билдирди.   Анын айтымында, бул маселе кийинки жумада каралат. Күтүлгөндөй, калкты жана турак-жай фондун каттоо ушул жылдын сентябрында өтөт. Эске салсак, жарандарды массалык каттоого алуу өткөн жылдын апрель… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин комитети жол эрежелерин бузуулар үчүн айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамды жактырды

Жогорку Кеңештин комитети жол эрежелерин бузуулар үчүн айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамды жактырды. Ага ылайык, эки берене боюнча айыптар азаят – ылдамдыкты белгиленген көрсөткүчтөн 20 чакырым саатка ашыруу жана жол белгилерине баш ийбөө.   Учурда айдоочулар бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 1 миң сом төлөшү керек.… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Исанов, Фрунзе, Тоголок Молдо, Абдыкадыров, Аасаналиев, Матыев, Гагарин, Лермонтов, Курманалиев көчөлөрүндө, Ак-Босого, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте мектептер жана бала бакчаларды оңдоо иштери уланууда

Бишкекте мектептер жана бала бакчаларды оңдоо иштери уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жумуштар №46 мектепте жана №35, №66 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жүрүп жатат. объектилерде ички жылуулук системасы оңдолуп, жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө.   Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.

Жалпы республикалык тестирлөөгө кийинки катталуу 14-21-июнь аралыгында жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кийинки катталуу 14-21-июнь аралыгында жүргүзүлөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.   Абитуриенттер ордо калаадагы №24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында каттала алат. Эске салсак, тестирлөөнүн өзү 22-23-июнда гана Бишкекте жана Ошто өтөт.   Ага… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышууга 13 партия арыз берди

7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышууга 13 саясий партиядан арыз берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдирди.     Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу 13-июнда аяктайт. Ага чейин аймактык шайлоо комиссиясынан ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп,… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Жаан-чачынга байланыштуу, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, — дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Андан улам, куткаруучулар жарандарга этият болуп, арыктарды таштандылардан тазалап турууну сунуштайт.