Кыргызстандын үч облусунда качкындарды кабыл алуу боюнча окутуулар башталды

Кыргызстанда 19-20-ноябрь күндөрү качкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, атайын машыгуу өлкө аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелер ырааттуу окутулат.… Кененирээк…

Apple компаниясы 2025-жылга чейин толугу менен өзү башкарылган унаа чыгаруу ниетинде

Apple компаниясы 2025-жылга чейин толугу менен өзү башкарылган унаа чыгаруу ниетинде. Ал пилотсуз машина болот. Бирок электр унаасынын ичинде руль дагы болот, ар кандай кырдаалдар жаралган учурда адам аны башкара алат.   Apple жаңы муундагы унааларын Tesla компаниясынын электрокарларына караганда сапаттуу кылууну чечти. Мындай унаалар… Кененирээк…

1-декабрдан тарта Россия жана Кыргызстан ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантат

1-декабрдан тарта Россия жана Кыргызстан ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин жарыялады.   Анын айтымында, кеп Жуковский – Бишкек жана Жуковский – Ош каттамдары тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, Россиядан учактар Ысык-Көлгө кайрадан келип баштайт.

Кыргызстанда 600дөн ашык коомдук тамактануу жана соода жайлар текшерилди

Кыргызстанда 600дөн ашык коомдук тамактануу жана соода жайлар текшерилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, рейддерди аймактык ооруларды алдын алуу борборлору жана санэпидем көзөмөл инспекциясы жүргүздү.   Аныкталган бузуулар боюнча 200дөн ашык протокол түзүлүп, 1 миллион сомдон ашык суммага айып салынды.   Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүр дагы 10 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көмүр дагы 10 пайызга кымбаттады.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, учурда кара отундун бир тоннасынны орточо баасы 5 миң 706 сомду түзөт.   Эң кымбат баа Ноокатта – 10 миң сомдон ашык, Баткенде 9 ми н 718, ал эми эң… Кененирээк…

Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү айыл-чарба жарманкеси уюштурулат

Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү айыл-чарба жарманкеси уюштурулат.   Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тургундар 20-21-ноябрда эртең мененки саат 9дан кечки 4кө чейин ордо калаанын Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда азык-түлүктү арзандатылган баада сатып ала алат.

Шайлоодогу мыйзам бузууларды каттаган интерактив карта даярдалды

Кыргызстанда шайлоодогу мыйзам бузууларды каттаган интерактив карта даярдалды. Күнү-түнү иштеген kata.kg аянтчасында шайлоо жараянында активисттер, журналисттер, байкоочулар жана жөнөкөй жарандар тарабынан аныкталган эреже бузуулар чагылдырылат. Маалымат бөлүшүү жолдору картада оңой көрсөтүлгөн. Бардык эреже бузуулар фото, видео, окуянын текст түрүндөгү түшүндүрмөсү, жана географиялык координаттар менен коштолот.   Картанын… Кененирээк…

Октябрь райондук милиция башчысынын орун басары кармалды

Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бегайым Турапова кармалганын 19-ноябрда “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, аны Аскер прокуратурасы алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талиповага байланыштуу иштин алкагында 18-ноябрда кармады.   Ушул эле иш боюнча буга… Кененирээк…

АКШнын алгачкы Конституциясы аукциондо сатылды

АКШнын алгачкы Конституциясы аукциондо сатылды. Биринчи басылган Баш мыйзамды белгисиз адам 43 миллион долларга сатып алды. Башында уюштуруучулар документти 20 миллион долларга баалашкан, бирок жыйынтыгында сумма эки эсе көп болду.   Кошумчаласак, сатылган Конституция 6 барактан турат. Ал Филадельфияда 1787-жылы кабыл алынган.

Бишкекте бейшемби күндөрү “Жөө жүрүүчү” рейди жүргүзүлөт

Бишкекте бейшемби күндөрү “Жөө жүрүүчү” рейди жүргүзүлөт.   Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жолду туура эмес тилкеден өткөндөргө айып салынат. Административдик айып 1 миң сомго теңелет.   Ведомстводон такташкандай, кечээ рейддин алкагында ордо калаада 61 жөө жүрүүчүгө айып салынды. Мыйзамга ылайык, 70 пайыздык арзандатуу жөө жүрүүчүлөргө… Кененирээк…