Каракол—Эңилчек унаа жолунун 58-чакырымы кыймылга жабылды
Каракол—Эңилчек унаа жолунун 58-чакырымы кыймылга жабылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Аталган аралыкка узундугу 300, бийиктиги 20 метрди түзгөн, тагыраагы 40 миң кубометр кар көчкү түштү. Кыймылга болгон чектөөлөр 25-апрелге чейин күчүндө болот. Жеринде трассаны тазалоо иштери жүрүп жатат.