Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 82,5 миң доза вакцина сатып алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 82,5 миң доза вакцина сатып алды. Ведомство маалыматына ылайык, препарат аймактарга жөнөтүлүп, эмдөө башталды.   Биринчи кезекте вакцинация медициналык кызматкерлерге, көп ооруган балдарга, тубаса дарты бар жарандарга жана 65 жаштан жогоркулар менен кош бойлуу аялдарга жасалат.

Социалдык фонд айрым категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштады

Социалдык фонд айрым категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштады. Мекеменин мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.   Ага ылайык, пенсияга чыгуу курактары төмөндөгүдөй өзгөртүлөт —  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген аялдар — 58ден 60 жашка, бийик тоолуу шартта жашаган жана иштегендер — эркектер 55тен 58ге,… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Ал тайпаларды жакшы көргөн, бирок телефонго билдирүүлөр келе бергенди жактырбагандар үчүн пайдалуу.   Алсак, эгер тайпада катышуучулардын саны 256дан көп болсо, тиркеме өзү билдирүүлөрдү өчүрүп салат. Каалоочулар аны өз алдынча күйгүзүп алса болот. Жаңычылдык жакынкы арада бардык платформаларда ишке… Кененирээк…

Ноокен районунун Достук айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ноокен районунун Достук айылында жаңы бала бакча пайда болот. Имарат 50 бөбөккө чакталат. Курулуш иштерине тендерди айыл өкмөтү жарыялады. Бул максатта жергиликтүү бийлик 23 миллион сом багыттайт.   Бул суммага бала бакчаны тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо дагы кирет.

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өтөт

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 25-ноябрда тестирлөө борборлору даярдалып, ушул эле күнү тест борборлорунун базасында саат 1ден 5ке чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.   Сынак ордо калаанын №72 жана… Кененирээк…

Москвада Кыргызстандын эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды

Москвада Кыргызстандын эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды.   Анда кыргызстандык мигранттарга ишке орношуудагы ар кандай учурларда колдоо көрсөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул жерде эмгек кодекси, миграция боюнча маалымат берилип, мекендештер жумуш издөөдө, Россиянын иш берүүчүлөрү менен байланышууда же алар менен келишим түзүүдө… Кененирээк…

Кыргызстанда керектөөчү баалар жыл башынан бери 12.1 пайызга өстү

Кыргызстанда керектөөчү баалар жыл башынан бери 12.1 пайызга өстү.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Анын ортосунда, алкоголдук ичимдиктердин жана чылымдын баасы дээрлик 19.5 пайызга, азык-түлүк – 13 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 10, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифи  8 пайызга кымбаттады.   Баалардын көтөрүлүшү… Кененирээк…

Жаза аткаруу кызматы абактагы 54 кишиге паспорт берилгенин маалымдады

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 14-ноябрдагы маалыматына ылайык, өткөн аптада Чүйдүн Беловодск айылындагы № 16 түзөтүү мекемесинде кармалып турган 11 адамга Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Жалпысынан жыл башынан берки 10 ай ичинде соттолгон 54 адамга ички паспорт — ID карта берилди. Бул жараян кыргыз өкмөтүнүн түзөтүү мекемелеринде… Кененирээк…

Нью-Йорк Жаңы жылга дардыктарды баштады

Нью-Йорк Жаңы жылга дардыктарды баштады. Мегаполистин башкы балатысы Манхэттенге жеткирилди. Аны кооздоого 50 миң жарык диоддук лампа колдонулуп, чокусуна диаметри 3 метрди, ал эми салмагы 250 килограммга жеткен жылдыз орнотулат.   Нью-Йорк балатысынын оту 30-ноябрда жанат. Кошумчаласак, аталган калаадагы Рокфеллер-борборунун жанында жаңы жылдык балатыны кооздоо… Кененирээк…

Кыргызстандык Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду

Кыргызстандык Бектен Эркебай уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.   Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, ал килемге 88 килограмм салмакта чыгып, 3 беттеш өткөрдү.   Марокко жана Египеттен келген атаандаштарын утуп, бирок беларустук спортчуга утулуп, 3-орунду ээледи. Биринчиликтин алкагында Кыргызстан… Кененирээк…