Кыргызстанда аймактык – административдик реформа болот

Кыргызстанда аймактык – административдик реформа болот. Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, жыйынтыгында бири-бирине окшош мамлекеттик түзүмдөр жоюлат. Бул мамлекеттик системага натыйжалуу иштөөгө жана бюрократияны кыскартууга жардам берет, — деди Жээнбеков. Бийликти реформалоону парламеттик шайлоодон кийин баштоо пландалууда.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлөт. Өкмөттүн токтом долбоорун социалдык фонд коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, пенсиянын негизги жана камсыздандырылган бөлүгү жогорулайт. Орточо эсеп менен пенсияга 397 сом кошулат. Алдын ала маалымат боюнча, өлкөдө пенсионерлердин жалпы саны 689 миң адамды түзөт.

Тажикстандын мектептеринде жаңы окуу жылы 17-августта башталат

Тажикстандын мектептеринде жаңы окуу жылы 17-августта башталат. Жаңы эрежелер боюнча дене тарбия, музыка жана аскердик даярдык сабактары имараттын сыртында өткөрүлөт. Зарылчылык жаралса сабактардын убактысы кыскартылып, окуучулардын саны азайтылат. Абал курчуп кетсе сабактар аралыктан окутулушу мүмкүн.

Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды

Балыкчы – Корумду унаа жолунун курулуш иштери 70 пайызга аяктап калды. Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдиргендей, трассаны салып жаткан кытайлык компания жумушчулардын айлык акысын төлөп берүүнү убада кылды. Учурда пандемияга байланыштуу компаниянын өкүлдөрү Кытайдан келе элек. Кошумчаласак, 2015-жылы башталган бул тилке… Кененирээк…

Евразия калыбына келтирүү жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берет

Евразия калыбына келтирүү жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар берет. Россиянын Каржы министрлигинин расмий сайтында жазылгандай,  алынып жаткан карыз өлкө бюджетин колдоого жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшалат. Кошумчаласак, өкмөт быйыл коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин дефицитин жабууга чет өлкөлөрдөн жалпысынан 742 миллион 900… Кененирээк…

Кыргызстанда ай сайын 41 миң адам кошумча каражат алат

Кыргызстанда ай сайын 41 миң адам кошумча каражат алат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, акчалар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет. Компенсациялардын өлчөмү жашаган аймагына карабастан 1 миң сомдон 7 миңге чейин деп белгиленген. Бул максатта мамлекеттик бюджеттин эсебинен дээрлик 499 миллион сом… Кененирээк…

Өлкө мектептерин китеп менен камсыз кылууга 600 миллион сом керектелет

Өлкө мектептерин китеп менен камсыз кылууга 600 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, учурда буга карата 120 миллион сом бөлүнүп жатат. Мектептердеги китепканалар орточо эсеп менен 75 пайыз китептер менен камсыз. Эми окуу куралдарын алмашууга муктаждык жана… Кененирээк…

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери толук кандуу жүрүп жатат

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулуш иштери толук кандуу жүрүп жатат. Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдиргендей, учурда тилкенин 15-61 чакырым аралыгында иштер жүрүп жатат. Жалпысынан 45 чакырымды түзгөн трассаны быйыл бүтүргөнгө аракеттер көрүлүүдө. Тилкеде иштеп жаткан аткаруучу компаниянын жумушчулары чет өлкө… Кененирээк…

Кыргызстан COVID-19 вирусунун экинчи толкунуна даярданууда

Кыргызстан COVID-19 вирусунун экинчи толкунуна даярданууда Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Аймактардагы ооруканалар кошумча орундар менен камсыздалууда. Учурда 12 объектиде жумуштар жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан 9 оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Баткенде 90, Нарында 70 орундуу, ошондой эле Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда 100 орунга ылайыкташтырылган… Кененирээк…

Ордо калаанын Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Ордо калаанын Ленин районуна жаңы аким дайындалды. Мэриядан билдиришкендей, кызматка Чыныбаев Чынасыл Билалович бекитилди. Ал буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Белгилеп кетсек, мурдагы аким Токтосун Султанов кызматынан кетти. Ал 2019-жылдан тартып район жетекчиси болуп эмгектенди.