Туура бут кийим тандоонун жолдору аталды

Туура бут кийим тандоонун жолдору аталды.   Британдык ортопеддердин айтымында, жалпак бут кийим ден соолукка пайдасынан көбүрөөк зыян келтирет.   Ал эми өтө бийик эмес такалуу моделдер буттагы ашыкча чыңалуудан арылтат.   Мындан тышкары, өтө бийик такалуу бут кийимден баш тартуу керек — мындай бут… Кененирээк…

Россиядагы мигранттар эми жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт

Россиядагы мигранттар эми жылына бир жолу медициналык кароодон өтөт.   Тышкы иштер министрлиги аталган мамлекеттеги чет элдик жарандарга берилүүчү медициналык сертификаттын жарактуу мөөнөтү узартылганын билдирди.   Маалыматка ылайык, коронавирус илдети медициналык текшерүүнүн алкагындагы жугуштуу оорулардын тизмесинен чыгарылды.   Москванын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн жобосу 1-марттан… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногундагы абал боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк валюта рыногундагы абал боюнча түшүндүрмө берди.   Маалыматка ылайык, учурда Украинадагы окуяларга байланыштуу, ошондой эле АКШ жана Евросоюзга кирген өлкөлөр тарабынан Россияга санкциялар белгилениши мүмкүн болгондуктан, тышкы каржылык рыноктордо рубль курсунун төмөндөгөнү байкалууда.   Өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна таасирин тийгизиши мүмкүн.   Доллардын… Кененирээк…

Өзбекстанда ревакцинациядан өтпөгөн кызматкерлер жумуштан бошотулат

Өзбекстанда ревакцинациядан өтпөгөн кызматкерлер жумуштан бошотулат.   Мындай чечимди аталган мамлекеттин Республикалык атайын комиссиясы кабыл алды.   Ага ылайык, мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөсө жана вакцинанын бустердик дозасын албаса иштен кетет.   Жумушчу талапты аткаруудан баш тарткан учурда иш берүүчү аны иштен четтетип… Кененирээк…

Казакстандан миң тонна буудай үрөнү келет

Казакстандан миң тонна буудай үрөнү келет.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда жүк вагондорго толук жүктөлдү жана биринчи партиясы 2-мартка чейин жеткирилет.   Буудай үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө 4,5 пайыздык чен менен 300 миң сомго чейин күрөөсүз эки жылдык мөөнөт менен берилет.

Бишкекке жаңы мэр дайындалды

Бишкекке жаңы мэр дайындалды.   Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ордо калааны эми Эмилбек Абдыкадыров башкарат.   Ал эми мурунку мэр Айбек Жунушалиев президенттик администрацияга кызматка барды.

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттады.   Бишкектеги коммерциялык банктар АКШ валютасын дээрлик 95 сомдон сатып, 94 сомдун тегерегинде сатып алууда.   Акча алмаштыруу жайларындагы орточо курс 86 сом 58 тыйынды түзөт.   Ал эми Улуттук банктын сайтында доллардын курсу 24-февралга карата 84 сом 80 тыйын деп… Кененирээк…

Ордо калаада эки-төрт жылдын ичинде жаңы футболдук стадион пайда болот

Ордо калаада эки-төрт жылдын ичинде жаңы футболдук стадион пайда болот.   Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков билдирди.   Анын айтымында, азыр ыңгайлуу жер тилкеси каралууда.   Болжолдуу түрдө стадион Түштүк магистраль тарапта жайгашат.   Долбоорду ишке ашыруу каржы маселесинин чечилишине жараша болот.

Таласта прокуратура кызматкерлери үйлүү болду

Таласта прокуратура кызматкерлери үйлүү болду.   Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 4 кабаттан турган 32 батирлүү үйдүн ачкычы аймактагы кызматкерлерге бүгүн тапшырылды.   Маалыматка ылайык, турак жайга мамлекеттик бюджеттен 20 миллион 500 миң сом сарпталды.

Бишкектеги эки округдагы кайра шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 26-февралда өтөт

Бишкектеги эки округдагы кайра шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 26-февралда өтөт.   БШКдан билдиришкендей, мөөнөтүнөн мурда добуш бере тургандардын тизмеси эртең жарыяланат.   Ага ооруканада жаткан бейтаптар, камактагылар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле аскерге милдеттүүлөр жана аскер бөлүктөрүндө жашагандар кирет.   Биринчи… Кененирээк…