Кыргызстандын футбол курамасы бул жылдагы алгачкы беттешине даярданууда

Кыргызстандын футбол курамасы бул жылдагы алгачкы беттешине даярданууда. Александр Крестининдин командасы 26-мартта Вьетнамдын курамасы менен оюн талаасында жолугушат.   Беттеш 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо раундуна жана Азия кубогуна даярдыктын алкагында өтөт.

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында аскердик пенсионерлер коомдук транспортто акысыз жүрө албайт

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында аскердик пенсионерлер коомдук транспортто акысыз жүрө албайт. Бул тууралуу долбоордун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Андан түшүндүрүшкөндөй, аскер кызматкерлеринин пенсиялык фонду өзүнчө. Андан коомдук транспорт үчүн кошумча акча бөлүнбөйт. Андыктан, эми Бишкекте автобус, троллейбустарда жаш курагы боюнча пенсияга чыккандар гана акысыз жүрө… Кененирээк…

Айпери Медет кызы күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Айпери Медет кызы күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Индияда өтүп жаткан биринчиликте мекендеш килемге 76 килограмм салмак категориясында чыгууда. Ал буга чейин 3 атаандашын багындырып чечүүчү беттешке жолдомого ээ болду.   Айпери Медет кызынын финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек.

Бишкекте быйыл Жеңиш күнүнө карата жүрүшкө россиялык аскер авиациясы дагы катышат

Бишкекте быйыл Жеңиш күнүнө карата жүрүшкө россиялык аскер авиациясы дагы катышат. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун башкы командири Евгений Поплавский билдирди.   Ал түшүндүргөндөй, Бишкекке Кант аба базасындагы Ми-8 жана су-25 штурмовиктери тартылат. Эске салсак, буга чейин россиялык аскерлер 2015-жылы өткөн парадка катышкан болчу.

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда. Сунушту Маданият, маалымат жана туризм министрлиги демилгеледи. Ага ылайык, музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому иштелип жатат.   Бул максатта каражат министрликтин 2019-жыл ичинде үнөмдөгөн акчасынын эсебинен алынат. Өлкөдө 116 музей бар. Анын 28и гана… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоого республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү

Кыргызстан калкын каттоого республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү. Биздин радиого Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Айзада Тукашова билдиргендей, каражаттын басымдуу бөлүгү каттоо жүргүзүү үчүн тартылган кызматкерлердин айлыгына жумшалат.   Андан тышкары, уюлдук операторлордун бири менен келишим түзүлүп, ар бир каттоочуга атайын сим-карталар сатылып алынды.… Кененирээк…

“Ошэлектронун” кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды

“Ошэлектронун” кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, компаниянын Ноокат райондук бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жана инспектору жергиликтүү тургундан электр энергиясын уурдоо фактысын жашыруу үчүн 283 миң сом талап кылышкан.   Анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Тергөө жүрүүдө.

Бишкектик айымдардын басымдуусу мырзаларга белек берүүгө 5 миң сомдой жумшайт

Бишкектик айымдардын басымдуусу мырзаларга белек берүүгө 5 миң сомдой жумшайт.  Биздин сурамжылоого ылайык, кыз-келиндер 23-февралда сүйүктүүсүнө, атасына, уулдарына, бир туугандарына жана кесиптештерине белек ыйгарат.   Алардын көбү пайдалуу белектерге ыктаса, айрымдары жөн гана убакытты жакшы өткөрүү үчүн кинотеатр же кафе-ресторандарга барышат. Айымдар үчүн күмүш сырга… Кененирээк…

Кыргызстанда Калкты каттоо 10 күнгө созулат

Кыргызстанда Калкты каттоо 10 күнгө созулат. Ал кандай шартта өтө турганын Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Айзада Тукашева айтып берет.   “Эл каттоо 2020-жылы 23-марттан баштап  1-апрелге чейин болот. Бул эл каттоонун маалыматтары менен биз демографиялык, социалдык-экономикалык маалыматтарды алабыз. Негизи мамлекетте кийинки боло турган пландарга… Кененирээк…

Бишкекте “Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашырууга 1,5 миллион сом бөлүндү

Бишкекте “Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашырууга 1,5 миллион сом бөлүндү. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, сыноо ирээтинде  6-кичи район тандалып алынды.   Алгачкы этапта коомдук жана административдик мекемелердин айланасында 72 видео камера орнотулду. Алар кылмыштардын бетин ачууга жардам берүүдө. Кийинки этаптын алкагында камералар “Асанбай” жана… Кененирээк…