Чүй облусунда жаңы мектепке капсула салынды
Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземи болду. Ошондой эле Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин кошумча имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, курулуш иштерине жалпысынан 140 миллион сом каралды.