Россияда кассасы жана сатуучусу жок дүкөн иштеп баштады

Россияда кассасы жана сатуучусу жок дүкөн иштеп баштады. Анда кардарларды тейлөө компьютердик система аркылуу жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын тиркеме жүктөө керек. Андан кийин кардар дүкөндүн кире беришиндеги системага QR-кодду көрсөтөт. Соода кылгандан кийин акча төлөм картадан автоматтык түрдө алынат. Дистанциялык дүкөн Москвадагы соода борборунун биринде… Кененирээк…

АКШ соту «Титаник» кемесин изилдөөгө уруксат берди

АКШ соту алгачкы ирет Атлантика океанына чөгүп кеткен «Титаник» кемесин изилдөөгө уруксат берди. Иштер жай айында башталат. Адистер биринчи кезекте «Marconi» зымсыз телеграфын табууну көздөп жатышат. Бул телеграф аркылуу кеменин эмне себептен бир заматта чөгүп кеткенин билүүгө болот. Кошумчаласак, «Титаник» 1912-жылы Англиядан АКШга багыт алган.… Кененирээк…

Кичи автобустардын айдоочуларына жаңы эрежелер киргизилди

Кичи автобустардын айдоочуларына жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Жүргүнчү ташуучу 43 фирманын директорлору жана айдоочуларына санитардык талаптарды аткаруу тапшырмасы берилди. Эгер унаанын техникалык кемчиликтери жана айдоочунун тиешелүү документтери жок болсо да чара көрүлөт. Кошумчаласак, 25-майдан тартып Бишкекте автобус, троллейбус жана кичи… Кененирээк…

Францияда балдар ойноп жатып 2 килограмм алтын таап алышты

Францияда балдар ойноп жатып 2 килограмм алтын таап алышты. Үй куруп ойнойбуз деген неберелерине карыя чоң апасынын колдонулбай калган шейшептерин берген. Куймаларды балдар шейшептин арасынан таап алышкан. Алтын 1967-жылы эле алынганын эксперт тастыктады. Куймалардын салмагы 2 килограммды түзүп, 100 миң еврого бааланат. Учурда алтынды аукционго… Кененирээк…

Өлкөнүн трассаларында курулуш иштери уланууда

Өлкөнүн трассаларында курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Казарман-Актал-Чат жана Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолдорунда тилкени кенейтүү иштери аткарылууда. Ошондой эле жол четтериндеги белгилер сырдалып, таштандылардан тазаланып жатат. Ведомство тейлеген магистралдар кыймылга ачык.

Бишкекте Кумарык Интергельпо көчөлөр кесилишинде унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкекте Кумарык Интергельпо көчөлөр кесилишинде унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Мэриянын маалыматына ылайык, тилкелердин кесилишинде түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Жабдуулар кышкы сезондо шаардыктардын жылуулук тармагында көйгөйү жаралбашы үчүн жаңыртылууда. Иштер 27-майда аяктап калат.

25-майдан тартып спорт зал, фитнес клуб жана бассейндер да иштеп баштайт

25-майдан баштап уруксат берилген тармактардын тизмесине спорт зал, фитнес клуб жана бассейндер да кирди. Республикалык штабдын чечимине ылайык, аларда санитардык нормалар сакталышы зарыл. Ошондой эле жабдууларды аралыкты сактоо менен жайгаштыруу шарт. Спорт борборлорунда футбол, күрөш, бокс, баскетбол сыяктуу командалык спорт түрлөрүнө тыюу салынат. Уруксат жеке… Кененирээк…

Испаниянын тургуну таштанды төгүүнү кызыктуу процесске айлантты

Испаниянын тургуну кызынын көңүлүн көтөрүү максатында таштанды төгүүнү кызыктуу процесске айлантты. Кыздын атасы карантин учурунда алгач «Муздак жүрөк» мультфильминдеги Олаф, кар кишинин кийимин кийип чыккан. Ушундан кийин ага идея келип, 3 жашар кызы менен күндө таштанды төгүүгө чыгарда ар түрдүү мультфильмдердин каармандарын чагылдырат. Булардын түркүн… Кененирээк…

Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт

Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт. Андыктан айт намазды үйдөн окуу сунушталат, — дешти Мусулмандар дин башкармалыгынан. Орозо айт быйыл жекшембиге туш келгендиктен, эртеси, 25-май дем алыш күн болот.

Бишкекте салынып жаткан жаңы таштанды полигону күзүндө ишке берилет

Бишкекте салынып жаткан жаңы таштанды полигону күзүндө ишке берилет. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, таштандыларды бөлүштүрүү жана таңгактоо заводу да ушул жылдын декабрь айында иштеп баштайт. Эске салсак, санитардык полигонду курууга Европалык кайра калыбына келтирүү банкы 22 миллион евро бөлүп… Кененирээк…