Баткен облусуна жардам катары акча чогултуу уланууда

Баткен облусуна жардам катары акча чогултуу уланууда. Учурга карата атайын ачылган эсепке 314 миллион сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду.   Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекетке 155 млн сомдук зыян келтирген

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда мамлекетке 154 млн 827,3 сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасы” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 млн 827,3 миң сомго ашыра… Кененирээк…

«Макмал алтын» комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголду

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы «Кыргыз алтын» ААКка караштуу «Макмал алтын» комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголгонун билдирди. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары комбинаттын филиалын текшеришкен. «Анда «Макмал алтын» комбинаты жана «Кыргыз алтын» ААКтын «Кыргыз алтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 миллион 143 миң… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 80 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Бир бюллетень жараксыз деп табылды. Ал жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты.   Белгилеп кетсек, Шакиев буга чейин Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген. 2010-жылы маданият… Кененирээк…

Испаниянын Витория-Гастейс шаарында ушактарга каршы күрөшүү боюнча агенттик түзүлөт

Испаниянын Витория-Гастейс шаарында ушактарга каршы күрөшүү боюнча агенттик түзүлөт. Анда адистер катары катардагы жарандар иштейт. Бийлик жаңы кызматтын жардамы менен чет өлкөлүктөр жана мигранттар тууралуу тараган жалган маалыматтар менен күрөшүү ниетинде. Тандалып алынган жарандар бул ушактарды төгүндөйт.   Аларга диалог түзүү, баарлашуу боюнча атайын сабактар… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы мектеп Боз-Учук айылында салынып жатат.   Анда 375 окуучу билим ала алат. Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Улан Примов 5-октябрдагы сессияда билдирди. Учурда жаңы спикерди шайлоо башталды. Буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирген.… Кененирээк…

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабияда өтөт

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабияда өтөт. Аталган өлкө тендерде жеңип чыкты. Мелдештер азырынча жок Неом шаарында уюштурулат. Анын курулушу 4 жылдан кийин жыйынтыкталат.   Белгилеп кетсек, Неом – саудиялык мураскер ханзааданын 500 миллиард долларлык долбоору. Оюндар ири шаардын бөлүгү боло турган кышкы курортто өтөт.… Кененирээк…

Бишкекте Панфилов көчөсү унаа кыймылына жакынкы күндөрү ачылат

Бишкекте Панфилов көчөсү унаа кыймылына жакынкы күндөрү ачылат. Мэрия маалыматына ылайык, анын Медеров көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкесинде оңдоо иштери аягына чыгып калды.   Анда жол катмары жаңыртылып, ирригация тармагы өткөрүлүп, тротуарлар курулду. Калыбына келтирүү жумуштары кытайлык гранттын эсебинен “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун… Кененирээк…

Кыргызстанда соңку 2 жумада эле 10 миң 430 россиялык жаран каттоодон өттү

Кыргызстанда соңку 2 жумада эле 10 миң 430 россиялык жаран каттоодон өттү. Бул тууралуу novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Өткөн жылдвн 23-сентябрынан 3-октябрга чейин республикада Россиянын 6 миң 63 жараны катталган.   Ведомстводон эске салышкандай, россиялыктар биздин өлкөгө келгенден кийин 30 күндүн ичинде каттоодон өтүшү… Кененирээк…