Быйыл дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 7 пайызга азайды

Быйыл дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 7 пайызга азайды. Global Carbon Project долбоорунун эсептөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө абага 34 миллиард метрикалык тонна зыяндуу газ бөлүндү. Көрсөткүч АКШда 2 пайызга кыскарса, Европада 11 пайызга азайды. Ал эми Кытайда бул көрсөткүч 1,7 пайызды гана түзөт. Окумуштуулар белгилешкендей, быйыл… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19 жаңы толкуну башталса дары-дармектердин дефицити болбойт

Кыргызстанда COVID-19 жаңы толкуну башталса дары-дармектердин дефицити болбойт. Бул тууралуу Дары каражаттары департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева билдирет. Анын айтымында, мамлекет коронавируска каршы колдонула турчу медикаменттерди сатып алды. Алар мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасында сакталуу. Запас 3 айга жетиши керек. Мамбеталиева белгилегендей, департамент фармацефикалык… Кененирээк…

Мөөнөтүнөн мурда өтө турчу презиенттикке үгүттөө кампаниясы 15-декабрда старт алат

Мөөнөтүнөн мурда өтө турчу презиенттикке үгүттөө кампаниясы 15-декабрда старт алат. novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, талапкерлерге мөөнөткө чейин үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул эреже бузулса, талапкер жарыштан дагы четтетилиши мүмкүн. Талапкерлер ошондой эле, жарандарга акча, белек берип, кайрымдуулук кылбашы керек. Эске салсак,… Кененирээк…

Москвада кыргызстандык аял метродо көз жарды

Москвада кыргызстандык аял метродо көз жарды. “Комсомольская правда” басылмасы билдиргендей, «Электрозаводская» станциясынын аймагындагы метронун кире беришиндеги төрөттү  медицина кызматкерлери келишкенче полициянын эки кызматкери кабыл алды. Уул бала аман-эсен төрөлгөн. Андан соң 29 жаштагы энени наристеси менен төрөт үйүнө алып кетишкен

Кыргыз-казак чек арасында унаалар эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат

Кыргыз-казак чек арасында унаалар эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат. “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң” түйүндөрүндө жана Чалдовар аймагында жаралган узун кезек күтүүлөр тыюу салынган жүктөрдүн бар-жогу текшерилип жатканына байланыштуу. Чек-арада абал туруктуу. Белгилеп кетсек, соцтармактарда жарыяланган видеолордон коңшу өлкөгө кирүү үчүн оор жүк ташуучу унаалардын узун кезегин көрсө болот.

Америкалык Time басылмасы “Жыл адамы” наамын дароо эки саясатчыга ыйгарды

Америкалык Time басылмасы “Жыл адамы” наамын дароо эки саясатчыга ыйгарды. Алар тандоодон өткөн президент Джо Байден жана вице-президент постуна келе турган алгачкы кара терилүү аял Кемала Харрис. Time басылмасы мындай тандоону 46-өлкө башчы катары тандалган Джо Байден АКШнын тарыхында алгачкы ирет эң көп добуш алганы… Кененирээк…

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, мекемелердин терезе, эшиктери алмаштырылып, чатырлары жана полдору жаңыланат. Иштердин жалпы чыгымы 8 миллион сомдон ашат

“118” чалуу кызматы иштин жаңы графигине өттү

“118” чалуу кызматы иштин жаңы графигине өттү. Медициналык жардам берүү кызматы буга чейин кечки саат 7ге чейин гана иштечү. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, эми шаардыктарга 12 адис таңкы саат 8ге чейин кеп-кеңеш беришет. Чалуу борборунун операторлору үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үйрөтүлгөн адистери.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыканаларды текшерүү мораторийин алып салуу үчүн өкмөткө кайрылуу ниетинде

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыканаларды текшерүү мораторийин алып салуу үчүн өкмөткө кайрылуу ниетинде. Бул тууралуу Дары каражаттары департаментинин директору Тимурлан Кысанов билдирет. Анын айтымында, жарандардан дары-дармектердин сапатына даттануулар түшүп жатат. Бирок аларды текшерүүгө Мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам, деп артамент өкмөттөн мораторийлер тизмесинен фармацефтикалык ишмердүүлүктү алып салууну… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде ордун сактап калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде ордун сактап калды. Декабрда жаңыланган табелде ата мекендик курама 96-орунда жайгашат. Тизменин сап башында Бельгия, андан кийин Франция жана Бразилия турат. Эске салсак, биздин команда катыша турган беттештер пандемияга байланыштуу уюштурулган жок. Ак-Шумкар быйыл Дүйнө чемпиондугунун… Кененирээк…