Бишкектеги 130 троллейбуска маалыматтык монитор орнотулду
Бишкектеги 130 троллейбуска маалыматтык монитор орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, жабдуулардын корпусу темирден жана алар урунууга бекем. Алардын экранынан шаардын күнүмдүк жашоосу, пандемия учурундагы коопсуздук эрежелери жана троллейбустун каттамдары тууралуу роликтер көрсөтүлөт.