Москвада эртең, 23-февралда 65 жылдан берки эң суук аба-ырайы болоору күтүлүүдө
Москвада эртең, 23-февралда 65 жылдан берки эң суук аба-ырайы болоору күтүлүүдө. РИА Новости билдиргендей, күндүз термометр мамычалары -27 градуска төмөндөйт. Ал эми облустарда -25…30 градуска чейин жетери күтүлүүдө. Буга чейин эң суук аба-ырайы 1945-жылы -30,5 градус болуп, абсолюттук рекорд катталган.