Туумдарды кыскартуу боюнча акцияны “Жалал-Абадэлектро” ишканасы дагы жарыялады

Туумдарды кыскартуу боюнча акцияны “Жалал-Абадэлектро” ишканасы дагы жарыялады. Керектөөчүлөр топтолгон карыздарын төлөп, аларга чегерилген туумдардан арылса болот. Акция 31-декабрга чейин созулат. Буга чейин “Түндүкэлектр” жана “Чыгышэлектр” ишканалары дагы туумду кыскартуу боюнча акция баштаган.

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу аяктады

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу аяктады. Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштары департаментинин маалыматына ылайык, мекеме азырынча пайдаланууга бериле элек. Объектин бардык талаптарга жооп берери текшерилип кабыл алуу жүрүүдө. Күтүлгөндөй, филиалдын эшиктери студенттер үчүн кийинки окуу жылында ачылат. Эске салсак, республикада МГУнун филиалын ачуу… Кененирээк…

Кыргызстанга декабрда Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет

Кыргызстанга декабрда Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет. Бул тууралуу novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, препарат COVAX программасынын алкагында жеткирилет. Вакцина эки компоненттүү жана ал бардык каалочуларга жеткиликтүү болот. Колдонуу тууралуу кененирээк маалымат препарат өлкөгө келгенден кийин берилет.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдыдагы кыштын модалуу тренддери аталды

Алдыдагы кыштын модалуу тренддери аталды. Адистер сызыктуу свитерлерге көңүл бурууну сунушташат. Андан тышкары, суук түшкөнүнө карабай чакмак принти менен болгон кыска юбкалар трендде болот. Ал калың калготы жана узун өтүк менен сымбаттуу көрүнөт. Ал эми сууктан коркпогондор үчүн базалык багалеги кеңири болгон кара шымдар дагы… Кененирээк…

Талас облусунда перинаталдык борбор пайда болот

Талас облусунда перинаталдык борбор пайда болот. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык мекеме облустук бириккен оорукананын базасында курулат. Учурда объекттин техникалык документтери даярдалууда. Курулуш иштерине 6 миллион доллар багытталат. Каражатты Германия өнүктүрүү банкы бөлүп берет. Курулуш иштерин 2022-жылы баштоо пландалууда.

Жогорку Кеңешти шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 27-ноябрда өтөт

Жогорку Кеңешти шайлоого мекемеден тышкары добуш берүү 27-ноябрда өтөт. БШКнын маалыматына ылайык, жарандардан билдирүүүлөр 25-ноябрга чейин кабыл алынат. Алсак, майыптыгы бар жана жашы улгайган адамдар, шайлоо тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор, алыскы аймактарда убактылуу жашагандар жана башка аймакта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери шайлоого үйдөн катыша… Кененирээк…

Instagram Threads мессенжери жабылат

Марк Цукербергдин Meta компаниясына таандык Instagram Threads мессенжери жабылат. Threads — Инстаграм үчүн кошумча тиркеме. Анда колдонуучулар менен тексттик билдирүүлөрдү, видеолорду, сүрөттөрдү жана окуяларды, ошондой эле смартфондун жайгашкан жерин, кыймыл ылдамдыгын жана кубаттуулуктун абалын бөлүшүүгө болот. Threads колдонуучулары кызматтын жакын арада токтотулушу тууралуу эскертмелерди алышат… Кененирээк…

Жалал-Абадда 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен бирге 1 шаар, 2 айыл аймакта жергиликтүү кеңештер шайланат

Жалал-Абадда 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен бирге 1 шаар, 2 айыл аймакта жергиликтүү кеңештер шайланат. БШКнын облустагы өкүлү Турусбек Өмүрзаков билдиргендей, бул күнү Кербен шаарында, Терек-Сай айыл аймагында жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештер тандалат. Шайлоону уюштуруучу операторлор окуудан өткөрүлдү, алар толук даяр. Белгилеп кетсек, Жалал-Абад… Кененирээк…

82 жаштагы АКШ президенти Жо Байден экинчи ирет президент болуу ниетин жарыялады

82 жаштагы АКШ президенти Жо Байден экинчи ирет президент болуу ниетин жарыялады. Washington Postтун маалыматына ылайык, президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт. USA Today басылмасы менен Саффолк университетинин ноябрдагы сурамжылоосу боюнча, учурдагы өлкө башчынын ишмердүүлүгүн шайлоочулардын 38 пайызы гана колдойт. Жада калса көпчүлүк Байдендин мындай кадамына каршы… Кененирээк…