Төө-Ашуудагы тоннелде кыймылга чектөө күчүндө
Төө-Ашуудагы тоннелде 29-июлдан 7-августка чейин кыймылга чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Иш-чаралар оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Өтмөк таңкы саат 4төн 6га чейин жана 8ден 10го чейин, ошондой эле түштөн кийин экиге чейин жабылат.